Menu

Бакыт Жетигенов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Экс-президенттердин кол тийбесигин алуу мыйзамы абдан керектүү мыйзам”

Бөлүшүү:

—Бакыт мырза, өткөн жыл жалпысынан кандай жыл болду?

—Биринчи кезекте стабилдүүлүктүн жылы болду. Мына ушунун өзү бизге чоң олжо. Экинчиден алганда экономикага аз көңүл бурулган, саясаты көп болгон жыл болуп калды. Себеби, бийлик алмашты да. Бийлик алмашуу процесси чыңында оңой-олтоң иш эмес. Мындай учурда бардык жерде сыдыргыга салгандай кетпейт да. Жаңы бийликтин жаңы командасы болушу керек, анын баары калыбына келгиче бир топ убакытты талап кылат. Андыктан азыр бийликке чоң сын айтуу эрте. Бңрок ошондой болсо да, бийлик чоң аракетин көрүп, үмүт жандырган иштерди аткарышы зарыл. Азырынча мен андай чоң иштерди байкай элекмин. Ал эми жеке жашоодон алсак, өткөн жыл биздин үй-бүлө үчүн жемиштүү эле жылдардан болду. Кудай буйруса, баары жакшы. Жыл өткөн сайын баары жакшы боло берсин деп ойлойт экенбиз. Мындан кийинки жылдарыбыз да жакшы болуп турсун деген тилекти айткым келет.

—Былтыркы жылы Абылгазиевдин өкмөтү 9 айга жакын ипггеди. Бирок ишинин жыйынтыгы коомчулуктун купулуна толбой көп сындарга кабылды. Ал сындарга сиз да кошуласызбы?

—Туура, абдан көп сындар айтылып жатат. Ошол сындын баары эле ойдон чыгарылбаган туура сындар. Балким арасында ашыкча айтылгандар да бардыр. Бирок: “Абдан алсыз өкмөт болду, командасы начар. Чечкиндүү эмес, мажирөө” – деген сындар бекеринен айтылган жок да. Баарыбыз көрүп жатпайбызбы. Алгылыктуу болбой жатат. Мурунку өкмөт башчылардай боло албай жатат. Баардык тармактарды карасаң, кемчиликтер көп. Экономиканы жылдыра албай коюшту. Кадр маселесинде да аксап турат. Элге телефон, суу боюнча маселени айтып алып, катуу сынга кабылып, кайра артка кетенчиктешти. Бул туура эмес. Өкмөт ишке оңой менен ашпай турган, элге жакпай турган бир маселени айтып алып, элдин пикирин угуп көрүп, ошого жараша иш кылгысы келип жаткандай. Эл каршы болсо, кайра артка кетип, макул болсо ишке ашырабыз дешип. Оюнчук эмес да. Коомдун пикирин антип укпайт да. Мындай болбойт да. Кайсы ишти баштаса да, ошону терең анализ кылып, салмактап анан башташы керек да.

—Коррупцияга каршы күрөш боюнча комитеттин мүчөсүсүз да. Бул маселеге тыкыр көзөмөл кылып жатасыздар. Күрөшкө кандай баа бересиз? Тандамал болуп жатат деген сөздөргө кошуласызбы?

—Тандамал болуп жатат деп так кесе бүтүм чыгарып айтуу эрте го. Дагы бир аз убакыт керек. Ошондо гана чыныгы тандамал болуп жатканы, же күрөш тегиз жүргөнү айдан-ачык көрүнөт. Бирок эл, айрыкча журналисттер коррупцияга шектүүлөрдүн атын атап көп жазып жатпайбы. Алардын айрымдарына такыр эле реакция кылбай жатышат. Бийликке жаккан, бирок арты таза эместер да бар да. Бийлик андай “сүймөнчүктөрдү” кармабайт. Себеби, өздөрүнө керек да. Эч качан идеалдуу бийлик болгон эмес. Азыркы бийлик да идеалдуу эмес. Кандай болгон учурда да жеке кызычылыктар ойноп турат. Андай жеке кызыкчылыктар унутулбай турган учурда коррупцияга каршы күрөш тандамал боло турганы турган иш.

—Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды колдодуңузбу?

—Ооба. Колдоого алдым. Башында бул мыйзам долбоору Атамбаевге багытталган го деп көпчүлүк катары ойлодук. Бирок андай эмес да. Жаңы кабыл алынган мыйзам артка эмес, келечекке иштейт. Демек, кийинки президенттерге тиешелүү. Чынында эле керек мыйзам. Эмнеге дегенде, бул мыйзам кабыл алынса, азыркы президент жана келечекте президент болчу адамдарга: “жаман иш кылсам, өлкөнүн кызыкчылыгын тебелеген болсом, кийин жооп берип калам” – деген сөз жүрөгүндө бекем сакталып турганга өбөлгө түзөт го дейм.

—Текебаевди актап эркиндикке чыгаруу аракети күч болуп турат. Сиздин көз караш кандай? Деги эле Текебаев акталып чыкса, азьфкы бийликти колдоп, жакшы жардам береби?

—Чынында Текебаевди жетишсиз далилдер менен, саясый маселе менен камашкан да. Маевский 6 жылдан кийин чыга калып жалаа жапкандай эле болду да. Ошол эле учурда далилдери ынанымдуу болгон жок да. Ошондуктан, мен Текебаевди чыгарабыз дегендерине каршы эмесмин. Туура эмес соттолгондон кийин чыгышы керек. Туура эмес соттолгондор да жооп бериши абзел. Деги эле кеп Текебаевде эмес, бул туура эмес прецендент . Бийлик, сот мындайдан алыс болушу керек. Антпесе, элдин ишенимин ала албайт. Ал эми Текебаев 25-30 жылдан бери саясатта да. Парламентаризмди түптөгөндөрдүн бири. Ал ушунча мезгилден бери бир да жолу кимдир бирөөнүн куралы болгон эмес. Ал өзүнүн көз карашы бар саясатчы. Мындан ары деле курал болуп, бийликке жакшы кызмат кылып берет деп айтуу кыйын. Керек болсо, башкаларды курал кылып, өзүнүн саясаттагы кызыкчылыктарын ишке ашырышы мүмкүн.

—Атамбаевге курал болушу толук мүмкүн да…

—Атамбаев эле эмес, ким болсо да аларга коркунуч жарата аларына ишенсе болот.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: