Menu

“Зектер” реформа өткөрөбүз дейт

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой өткөн жылдын 24 -ноябрында өңчөй аштан-көчтөн кур калгандар, кезинде бийликте иштеп, бирок жеп -ичкендери үчүн темир тордун артында “эс алып” чыккандар курултай өткөрүшүп, бийликке бир нече талап коюшкан. Баса, ал талаптын ичинде Түлеевди, Келдибековду да актоо керек деген акылга сыйбаган сунуштар айтылган. Кечээ күнү курултайчылар дагы бир ирет жолугушуп, дагы ишке ашпай турган көп нерсени талкуулашты. Маселен, “алкымдуу” Азикең: “Курултайдан кийин өзгөрүү болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Реформа өткөрүү боюнча мыйзам жазып жатабыз. 10 миң кол топтоп реформа өткөрүшүбүз керек.” -деп опулдап баштады. Мындан тышкары, алар Кыргызстанда орус тилине берилген статустун алынып салынышын козгошту. Бул эми ишке ашпай турган маселе. Башкалар элди жыргатпаган ушул жалаң Кудайдан жөө качкандар элди жыргатабы?! Булардан эл чындап тажап бүттү, чынында элдин кыжыры кайнап, силердин бетиңерге “шалп” түкүргүсү келип турат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: