Menu

Мадумаров менен Жапаров биригип, катарларына Текебаевди, Бабановду тартышса…

Бөлүшүү:

Жакында эле Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү болгону, экөө биригүү жагынан бир кепке келишкени ыраспы? Мындан сырткары Өмүрбек Текебаевге, Өмүрбек Бабановго да сунуш түшө турганын эшиттик. Ошондо парламенттик шайлоого карай «Бүтүн Кыргызстан», «Мекенчил», «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары бириксе, албетте, өлкөдөгү топ жара турган күчкө айланышары ажеп эмес. Бирок, алдыда дагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна бир топ убакыт бар, көз караштары ар кандай, амбициялары асмандын башындагы саясатчылар мамлекеттин кызыкчылыгы, эртеңки тагдыры үчүн аягына чейин тура алышабы? Албетте, суроолор көп, бирок, дал ушундай саясый топтордун ирелишүүсү бийликти жана башка партияларды чочутуп, алардын да баш кошууларына өрнөк көрсөтөт. Азырынча учкай гана ушундай божомолубузду келтире туралы.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: