Menu

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын  2018-жылдын 12 ай ичиндеги кызматтык ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу ыкчам  кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу  ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин  МАККББнын башчысы,  милициянын генерал-майору Исаев Талантбек  Кедейканович, анын орун басарлары, милициянын полковниги Джумабаев Эркин  Кубанович, милициянын подполковниги Тажиев Эрк Сарубекович, МАККББнын  түзүм бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышты.
Ыкчам кеңешме МАККББнын өздүк курамын сыйлоо менен башталып: кызматына  жоопкерчиликтүү мамиле кылып, мыкты кызматкерлер “Ардак грамота”, “Мыкты кызматкер”, “Мыкты ардагерлер кеңеши” атайын төш лентасы менен сыйланышты.
Андан  кийин  Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын  башчысынын орун басары, милициянын полковниги Э.Джумабаев  баяндама менен чыкты. Өз баяндамасында, отчеттук  мезгил ичинде, бир топ оң натыйжа бар экендигин
белгилеп, бирок мындан ары дагы жалпы ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча иштерди улантууну белгиледи. Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын өздүк курам арасында “Кесибинин мыктысы” сынагынын жеңүүчүлөрү:
– “Мыкты күзөт бөлүмү” 1- орунга Биринчи май райондук күзөт бөлүмү, 2-орунга Сокулук райондук күзөт бөлүмү, 3-орунга  Нарын шаардык күзөт бөлүмү,
– “Мыкты күзөт бөлүмчөсү” Жети-Өгүз райондук күзөт бөлүмү;
– “Мыкты взвод башчысы” -Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн взвод башчысы, милициянын лейтенанты Шергазиев Жыргалбек Адылбекович;
– “Мыкты взводдун бөлүмчө башчысы” Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн взводдун бөлүкчө башчысы, милициянын ага прапорщиги Акматов Нурлан Сабыркулович;
– “Чет өлкөлүк мекеме кайтаруу боюнча мыкты тескөөчүсү” Ведомстволук милиция полкунун күзөт тескөөчүсү милициянын лейтенанты Сапарбеков Эрмек Сапарбекович;
– “ЫАКнын мыкты айдоочу милиционери” Бишкек шаарынын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн ЫАКнын айдоочу милиционери милициянын ага сержанты Мундузбаев Эдиль Талантбекович;
– “ЫАКнын мыкты милиционери” Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн ЫАКнын милиционери милициянын прапорщиги Джумалиев Тилек Кокулбекович;
– “Банк мекемесин кайтаруу боюнча мыкты милиционери” Каракол шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын старшинасы Шаршеев Азамат Жеңишович;
– “Обьектерди кайтаруу боюнча мыкты милиционери” Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын Чыңгышев Жыргалбек Асанбекович ээ болушту.
Кыргыз  Республикасынын ИИМдин МАККББнын башчысы, милициянын  генерал-майору Исаев Талантбек Кедейканович ишинде мыкты кызматкерлерге  жана МАККББнын түзүм бөлүмдөрүнүнө “Ардак грамоталарын” тапшырды. Ыкчам
кенешменин жыйнтыгында 2019-жылга карата бир нече тапшырмалар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: