Menu

Нурбек Тотонов, ЖКнын депутаты: “Мен тууралуу жалган маалымат тараткандарды сотко жиберебиз”

Бөлүшүү:

Жакында эле Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Нурбек Тотоновду эки кун мурун буга чейин белгисиз болуп келген сайт жана автор каралаган макала жарыялаптыр. Автордун ал макаласы буйрутма экени айдан-ачык көүрнүп турат. Мына ушул маселе боюнча биз депутатты кепке тартып, негизги чындыкты уктук.

—Нурбек мырза, сиз тууралуу жарыялашкан маалыматта аттестатыңыздын жасалма экенин жазып, ошол аттестат менен кийин алган эки диплому да жарактуубу деген суроо салыныптыр. Бул боюнча негизги чындык кандай? Өз оозуңуздан угалы…

—Ал макала толугу менен буйрутма, атайын тапшырма менен жазылган маалымат деп баса белгилеп айтмакчымын. Бул тууралуу эми сөз башынан болсун. Менин мандат алганыма 2 жарым ай болуп калды. Мандат аларда мага БШК: “Сиздин аттестатыңыз боюнча маселе көтөрүп жатышат деген кабарды беишкен. Мен: “Текшергенге кандай документ керек болсо, ошонун баарын алып барып берейин” – десем, “кереги жок”- дешти. Себеби, БШК аттестаттын маселесин текшербейт да. Ошону менен бул маселе токтогон. Бирок көп өтпөй эле кызыкдар адамдар бул жалган маалыматты коомчулукка жайылтуу аракетин көрүп башташкан. Бул маселенин башы эмнеден улам башталганын айтайын. Мен депутат болуп келгенде салмактуу бир саясый гезитке маек бергем. Ал маекте мен Токтогул районундагы Токтогул мамлекеттик фондундагы кемчиликтерди, коррупциялык иштерди белгилеп, миллиондогон каражаттарга тиешелүү иш жасалбай жатканын айткам. Себеби, Токтогул эли аталган фонддун алешемдик иштери боюнча мага арыз менен Кайрылышып, депутат катары фонддун ишмердүүлүгүн текшертүүнү суранышкан. Мына ошондон кийин фонддун жетекчиси Таалай Чотоевдин тынчы кетти. Мага бир катар адамдар кайрылышып: “Сен Чотоевдин ишин казып жатыпсың. Ал деле жакшы иштеп жатат. Кой эми, токтоткула. Жарашкыла”- дешти. Мен аларга: “Жарашкыдай биз эмне уруштук беле? Мен болгону элден келген арыздарды карап жатам” – дегем. Мен ишмердүүлүк боюнча маалымат сурап, фонддун өзүнө гана кат жөнөткөм.

—Демек, сиздин депутат болуп келишиңиз фонддун жетекчилери баштаган бир катар адамдарга кереги жок болушууда. Аттестаттын маселесин ошондо сизге карата компромат катары алып чыгышты деп түшүнсөк болот экен да…

—Туура, кандайынан алып карабайлы, алардын максаты мени жалган жалаа менен элге жаман көрсөтүү болгон. Булар аттестаттын маселесин башташканда эле, аттестатты сүрөткө тартып Улуттук коопсуздук комитетинин Токтогул райондук бөлүмүнүн башчысы Курманбек байкеге жөнөтүп, иштин чоо-жайын түшүндүрүп айтып, текшерип беришин өтүнгөм. Курманбек байкеге жөнөткөн аттестаттын сүрөтүн эки күн мурун интернеттен көрүп калдым. Көрсө, аттестаттын сүрөтүн мен жөнүндө жазып жаткандарга Курманбек байке берсе керек. Ал жерде Жантаева деген кыздын аттестаты менен менин аттестамды билим берүү министрлиги тарабынан берилген номери бир чыгып жатпайбы.   Эми ага ким күнөөлүү? Бул суроо аттестатты жазгандарга тиешелүү. Бирок ошол эле документте 1994-жылы Мүлкубат орто мектебинен 23 окуучу бүткөнү бадырайып жазылып турат. Ал жерде менин да фамилиям турат. Болгону Жантаева Нурзада деген классташым экөөбүздүн аттестатыбыздын номурлары окшош экенине асылышкан. Мен Нурзада менен 6-класстан, 8-класска чейин бир партада олтургам. Эң башкысы бүгүнкү күндө менин классташтарымдын баары бар, баарыбыз аман-эсен түгөлбүз. Класс жетекчибиз, мектеп директорубуз да бар. Мен алардын баарына Кудайдан узун өмүр, бакубат жашоо тилейм. Классташтарымдын баары менин аттестатымдын жасалма эмес экенин, 10 жыл мектепте чогуу окуганыбызды тастыктап беришет. Ал боюнча Токтогул районундагы И.Умаров атындагы орто мектептин директору А.Кыдыралиеванын 29.11 2018-жылдагы №69 сандуу тактамасында чындыкты айтыптыр. “… 1993-1994-окуу жылында Жаңы Жол орто мектеби жаңы түзүлгөнүнө байланыштуу, мектептин печаты жок болгондуктан, ошол жылкы бүтүрүүчүлөрдүн орто билимди бүтүргөндүгү тууралуу аттестатка райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде, Мүлкубат атындагы орто мектебинин филиалы болуп эсептелгендиктен, ошол мектептин печаты басылгандыгы анык”. Кыскасы, менин мектепти бүткөнүм, окуганым анык. Бул чындыкты ким болсо да, кандай аракеттерди кылышса да жокко чыгара албайт.

—Окурмандарга фонддун иши, анын бюджети тууралуу айтып берсеңиз?

—Кыргыз элине белгилүү болгондой Токтогул ГЭСи курулган жер, учурунда ал райондун борбору болгон. Жашоого ылайыктуу түптүз жер болгондуктан, бир топ айылдардын эли илгертен жашап  келаткан. Бирок союз кезде бийликтин өкүмү менен ошол жерде жашаган элди күч менен тоо этектетип кайрак жерге көчүрүп салышкан. Ошентип ал доордогу бийлик жалпысынан 33 миң гектар жерге кыргыз элинин бирден-бир сыймыгы болгон Токтогул ГЭСин курган. Союз учурунда Кетмен-Төбө районун гүлдөтөбүз, бардык маселесин чечип беребиз деп бир топ акча бөлүнгөн. Ошол акчадан Бүргөндү массиви курулган экен. Бирок ал акча толугу менен тиешелүү багытка иштетилбей калыптыр. Мындайча айтканда, үлгүрбөй калышкан. Кыскасы, жогоруда айткандай 33 миң гектарга кенемте катары ушул райондогу ар кандай көйгөйлөрдү чечип турсун деген ниетте ушул фондду түзүшкөн. Белгилүү болгондой мындай фонд башка райондордо жок.

Мен да учурунда бул фондду жетектегем. Ал учурда фонддогу акча 43 миллион сом болчу. Биз бир жарым жыл аралыгында тынымсыз иштеп, бир топ иштерди аткарууга үлгүрдүк десем болот. Мисал катары, айрымдарын кыска айтсам, Шопок айылында 800 гектар жерге суу чыгарганбыз. Бүгүнкү күндө эл ал жерди колдонуп, үзүрүн көрүп жатат. Андан тышкары, бир катар курулуштарды куруп, жолдорду оңдогонбуз. Бүгүнкү күндө Токтогул атайын фондунун бюджети 70 миллион сомго жетти. Бизге беришкен маалымат боюнча Чотоев жетекчи болуп келаткан 5 жылда фондго мамлекеттик казынадан жалпысынан 287 миллион сом которулуптур. Бирок мынчалык чоң акчага фонд тарабынан тиешелүү иштер жасалбаганын жалпы Токтогул эли жакшы билет. Себеби, алардын иши алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. 287 миллион сомго Токтогул районунун бир топ көйгөйлөрүн чечип койсо болот эле го. Биз азыр бюджеттин тартыштыгынан улам районго 10-13 миллион сомдук бала-бакчаларды, 30-50 миллион сомдук мектептерди куруу боюнча сунуш берип, курдурта албай жатабыз. Жүздөгөн гектар кайрак жерлерге суу чыгара албай келебиз. Мына ушундай көйгөйлөрдү фонд чекесинен чечсе болот эле го. Бир да көйгөйдү чечкен жок. Тилекке каршы, андай болгон жок.

—Андай болсо 287 миллион сомду кайсыл иштерге сарптап жатышат? Же баарын эле сол чөнтөккө солоп жатышабы?

—Анча-мынча азыраак иштерди аткарып жатышат да. Бирок ошол курулуш иштердин баасын өтө жогору баа менен аткарып жатканын угуп жатабыз. Мисалга, бир ишин алалы. Сары-Камыш айылына чакан оорукана куруп жатышыптыр. Сметасы 16 миллион экен. Тендерде 10-12 миллион сом болуп чечилиптир, бирок кандайча 16 миллионго чыгып кеткени да түшүнүксүз. Ал оорукананын фундаментин, кирпичин көргөндөр баш чайкап жатышыптыр. Эмнеге дегенде эптеп эле чампалашканын айтышууда. Ал эми ошол салынып жаткан оорукананын жанына, ошол эле оорукананын өлчөмү менен тең кеңсени айылөкмөт бир долбоордон утуп алып, сонун кылып салдырып жатыптыр. Анын курулушу болгону 6, 5 миллион сом экен. Эми 16 миллион менен, 6,5 миллиондун айырмасы чоң да. Ортодо 10 миллион сом кимдин чөнтөгүнө кетип жатат деген суроо туулбай койбойт.

—Сизди каралап жазган автор Кеңеш Жумабаев деген экен. Аны тааныйсызбы? Сизге кайрылды беле?

—Ал өзү токтогулдук жигит. Бизден улуу болгоңдуктан көргөн жерде учурашып жүргөм. Ортобузда эч кандай келишпестик болгон эмес. Адвокат экенин, же журналист экенин билбейм. Садыр Жапаровдун иши боюнча 11 жылга кесилип кеткен болчу. Бирок президенттен ырайым сурап, 1, 5 жылдан кийин кутулуп чыккан. Ал мага аттестат боюнча кайрылган жок. Бирок шайлоодо “Респулика Ата-Журт”  партиясынан тизмеде менден кийин турган талапкерлердин бирине барып: “Тотоновдун мыйзамсыз иштерин прессага чыгарабыз. Анан ал депутаттыктан кетет. Сиздер бизди бир аз каржылап койгулсС- деп кайрылышкан экен. Ал талапкердин да ыйманы толук да. Ал: “Нурбектин кандай жигит экенин билем. Андай каралоо иштери менен экинчи кайрылбагыла”- деп коюптур. Андан кийин ошо Жумабаевдин кишилериби, же башка адамдарбы, айтор бирөөлөр кайрылышып: “Акча бере койсоңор, сиз боюнча материалдарды прессага чыга-байбыз”- деп кишинин күлкүсүн келтиришти. Чынында андайлар тескери ойлонушат окшобойбу. Мен өзүм 11 жыл окусам, аттестатым, дипломдорум эч кандай жасалма эмес, мыйзамдуу болсо, эмнеге анын айтканын кылышым керек?! Мен болгон чындыкты айттым. Мен эч кимдин алдында актанбайм. Болгону. шайлоочуларга, жалпы коомчулукка негизги чындыкты айтып коюшум керек. Азыр эми юристтер менен кеңешип жатам, эми мени каралаган маалымат булагы менен автор Жумабаевди мен тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн сотко беребиз. Азыр эми бир күндө ачылып, бир күндө жабылыр калган да сайттар бар экен. Кыязы, аzat.kg  деген да сайт ошондой сайттарын толуктаса керек. Адамды ойдон чыгарылган жалаа менен каралаганы үчүн мыйзам алдында жооп беришсин!

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: