Menu

Анжиян облусунун башчысы жергиликтүү ишкерлерге «футбол салыгын» салды

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов өлкөнүн Суперлигасынын 2019-жылкы сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында облустагы ишкерлерге 8,5 миллиард сумдан ($964) жергиликтүү футболдук клубга «демөөрчүлүк жардам» көрсөтүүнү талап кылды. Бул маалыматты акимчиликтеги чиновниктердин бири ырастады.

Анын айтымында, жергиликтүү «Анжиян» футболдук клубуна материалдык жардам көрсөтүшү керек болгон мекемелердин тизмесинде 167 ишкана жана уюм бар. Алардын ичинен мамлекеттик мекемелер 5 миллион сумдан (600 доллар), жеке ишканалар 350 миллион сумдан (42 миң доллар) төлөшү керек.

Өлкө президентинин 2017-жылдын 9-мартындагы жарлыгы менен GM Uzbekistan компаниясы «Анжиян» футболдук клубунун башкы демөөрчүсү болуп дайындалган.

GM Uzbekistanдын өкүлү учурда компания банкротко кептелүү алдында турганын, ошондуктан демөөрчүлүк кылууга акча жок экенин билдирди. «Экспорт жок. Аавтоунааларды сатуу төмөндөп кеткендиктен каражат жетишсиз болууда. Азыр компанияны прокуратура текшерип жатат. Ишкана банкрот деп табылышы мүмкүн», — деди компания өкүлү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: