Милиция кызматкерлери түкүргөн жарандардан акча талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Нодирбек Каримов билдирди.
Эл өкүлүнө шайлоочулар кайрылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат абалынан аша чаап жаткандыгын билдиришкен.
«Түкүргөндүгү үчүн милиция тарабынан кармалып, акча төлөөгө мажбур болгондугу үчүн эл нааразы болууда,»- деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов азырынча түкүрүктөр үчүн эч кимге айып пул салынбаарын билдирди.
«Көпчүлүк учурда эскертүү берилет. Айыл өкмөттөрдө комиссиялар түзүлдү, жана алар иштеп жатат. Аталган комиссиялар шаарларларда дагы түзүлүп жатат. Эгерде фактылар болсо – биз чара көрөбүз,»- деди ал.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ