Menu

Милиция кызматкерлери аянттагы митингдин катышуучуларын кууп баштады

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Кытай экспансиясына каршы өтүп жаткан митингдин катышуучуларын кууп баштады.

Азырынча жарандарга каршы атайын техника колдонулган жери жок. Кээ бир жарандар кармалууда.

Буга чейин укук коргоо органдары убакыт аяктаганына байланыштуу акцияны токтотууну бир нече жолу суранган.

Андан сырткары нааразычылык акциясынын катышуучулары газон менен клумбаларды тебелебешин милиция кызматкерлери эскерткен, бирок жарандар ал кайрылууга көңүл бурган эмес.

Бишкектеги нааразычылык акциясы күндүзгү саат 11 башталган. Анын катышуучулары бир катар талаптарды чыгарышкан, алардын көпчүлүгү кытай экспансиясына тиешелүү. Митингчилердин өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров кабыл алды. Акциянын катышуучулары ага талаптарын өткөрүп беришти.

Булак:KyrgyzToday    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: