Menu

Казак ИИМи: экоинспекторлорго кол салууга шектелгендердин арасында полициячылар жок

Бөлүшүү:

Казак полициясы мамлекеттик «Охотзоопром» мекемесинин инспекторлоруна кол салган адамдардын тек-жайын аныктады. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн ички иштер министри Калмухабет Касымов билдирди.

Бул иш «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча тергелип жатканын айткан Касымов шектүүлөрдүн арасында полиция кызматкерлери жок экенин белгиледи.

Окуя 13-январь кечинде Караганда облусундагы Нура районунун аймагында болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Инспекторлор алардын унаасын текшерип жатканда, анын ичиндеги кишилер каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада бир инспектор башынан жаракат алып мерт болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: