Menu

ИИМ: “Ала-Тоо” аянтына чыккандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан коомдук тартипти бузууга аракет жасагандар Биринчи Май РИИБүнө жеткирилди

Бөлүшүү:

Бүгүн “Ала-Тоо” аянтында митинг кылып жаткан жарандар Бишкек шаардык мэриясына берген уруксаат каты боюнча күндүзгү саат 10.00дон саат 13.00 чейинки убакытта митинг өткөрүп андан соң өздөрү тарап кетүү боюнча милдеттенмени алышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Митингде өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С. Токтоболотов жана Биринчи райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Султанов чогулгандарга чыгып сүйлөп бүгүнкү көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча ачык жана так түшүндүрмөлөрдү беришти.

Саат 13.00 митингге чогулгандарга тынч митингдерди өткөрүүгө берилген убакыт бүткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.Атантаев микрофон аркылуу түшүндүрү иштерин жүргүзүп, убакыт саат бүткөндүгүнө байланыштуу тынч тарап кетүүсүн өтүнүп, мындан ары митингди өткөрүү мыйзамсыз боло тургандыгын эскертти, кошумча убакыт да берилди, бирок чогулгандар тарап кеткен жок. Ошол мезгилде жарандык активист митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов митинг аяктады, тарагыла. Биздин өтүнүчтөр бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүгө атайын топ кетти, жообу жакын арада берилет,-деди. Бирок чогулгандар тараган жок.

Саат 15.00 митинг учурунда катышуучулардын арасынан түзүлгөн атайын топ келип биздин талаптар Жогорку Кеңештин вице-спикерине берилди, жакын арада жооп берилет деген топтун сөзүн ошол жерде чогулгандар уккусу келбей, провокация чыгарууга аракет жасашып, айрымдары автоунаа өтүүчү жолго чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан автоунаалардын жүрүшүнө тоскоол жаратып, алардын ичинен кыйкырышып, сөгүнүп коомдук тартипти бузгандыктарына байланыштуу 15.30
убактысында Бишкек шаардык ИИББнын кызматкерлери тарабынан жыйырма бир митингге катышкан жаран Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, коомдук тартипти бузгандыктары боюнча материалдар толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Калган митингге келгендер “Ала Тоо” аянтынан үй жайларына тарап кетишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: