Menu

“Антикытай” митингинин артында бийликке таарынычы барлар турабы?

Бөлүшүү:

Кечээ 17-январда Ала-Тоо аянтында 500 кишинин катышуусу менен «антикытай» митинги өттү. Чогулган элге мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү, тактап айтканда Биринчи Май районунун акими Токтосун Султанов, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, ИИМдин өкүлдөрү келишти. Бийлик өкүлдөрүнун келгенин эң жакшы саамалыктын бири катары баса белгилеп коюшубуз керек. Буга чейин 500 киши эмес, 50 миң киши келсе да тоготпогон учурларды көргөнбүз. Муну элге жасалган сый-урмат десек болот. Аянтка келген райондун акими чогулгандарды тазалыкты сактоого чакырса, ТИМдин өкүлү, консулдук департаменттин мүдүрү Алмаз Имангазиев акыркы 2017-2018-жылдар ичинде Кыргызстанга 10 миң кытай кирип кайра чыккандыгын, алар негизинен жол куруу тармагында иштегенин кабарлады.

Митинг, пикеттин аркасында бийликке таарынычы барлар тураары айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Анын үстүнө 2020-жылы парламенттик шайлоо. Демек, ар кандай интрига, митинг-пикеттер аркылуу айрым күчтөр саясий кызыкчылыктарын ишке ашырууну максат кылып жатат десек да жаңылышпайбыз. Элдин эртеңки келечегин, өлкөнүн ста-билдүүлүгүн ойлонбогондорду кандай атасак жарашат?!

Баса, буга чейин митингдер Талас жана Нарында боло турганы да айтылган. Бирок, ал кыйды саясат ишке ашкан жок. Региондордо бир да киши чыкпады. Бул ниети бузук адамдардын арам саясатын калайык калк колдобогондугунун эң чоң белгиси болуп эсептелет. Элге азыр тынчтык керек. Ал ортодо журналист Гүлмира Уметалиева фейсбуктагы баракчасына: «Митингге чыккан 100 кишиден көрө, Кыргызстанга футбол ойногон 11 оюнчу кымбат» – деген пикирин жазды. Чын да, эй!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: