Menu

Кылмыш жазасыбы же өч алуубу?

Бөлүшүү:

Милициянын отставкадагы полковниги, Ош облустук ИИБнин 2010-жылдагы начальниги Абдилат Капаров (элде аны Абдылда дешет) Балыкчыдагы 51 -түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатып, 29-декабарда белгисиз жагдайда ууланууга дуушар болгон жана жергиликтүү ооруканадан медициналык жардам алууга мажбур болгон. Кан басымы 140-200гө чейин көтөрүлүп, оозунан жана артынан кан кеткен.

Бул боюнча, атын атабоону өтүнгөн, 40 жылдык стажы бар дарыгер мына буларды билдирди:

– 57 жаштагы Капаровдун ден соолугунун кескин начарлашынын себептерин аныктоо үчун аны Бишкектеги тийиштүү ооруканалардын бирине жаткырып, текшерүүгө кириптер кылуу керек. Бирок, кан басымынын такай жогорулап турушу анын өмүрүнө чоң коркунуч келтирет. Ошондуктан, аны Балыкчынын атмосфералык шартында кармоого болбойт. Ал чындап эле коркунучтуу кылмышкер болсо, аны Чүй же Түштүк аймактарындагы түрмөлөрдүн биринде кармоого неге болбосун. Кишинин өмүрү оюнчук эмес да?..

Бир тууган агасынын акыбалынан кабар алып келген Бакыт Капаров мындай дейт:

– Агам Абдилат 29-декабрда өзүн жаман сезип, 30унда ооруканага кайрылган. 7-8 күндүк дарыгерлердин жардамынан кийин мурдакыга караганда кыйла жакшы…

Атаганат, булганган карөзгөй кыргыз бийлиги! Ак жерден күйгөн, онкологиялык ооруканада оор операцияга дуушар болуп, бир бөйрөгүнөн ажыраган Мурат Суталинов, жалаага кабылып, жүрөк оорусунан жабыркаган Өмүрбек Текебаев сыяктуу эл уулдарын бийлик өз душманы катары көрүп, куугунтуктап, өч алып, эрктеринен ажыратканы аз келгенсип, аларды көздөй ажалды айдактаганын эл эчак эле түшүнүп бүткөн!.. Көркоо бийликтин 2017-жылдын 2-апрелинде түнкүсүн СИЗОдо өлтүрүү максатында Садыр Жапаровдун өмүрүнө кол салуу аракетин да эл жакшы түшүнөт!

Эми минтип, саясий туткун Абдилат Капаровдун өмүрү коркунуч астында кала берүүдө. Жогоруда аты аталган, аталбаган жана жалаага кабылган саясий туткундардын Батукаевдикиндей 5 миллион долларлары жок экен да! Канкор кылмышкер менен “тил табыша” билген Атамбаевдин, Табалдиевдин, Салянованын, Атахановдун, мал доктур Акундун “айкөлдүктөрүн” элибиз эч качан унутпайт…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: