Menu

Бишкекте журналисттердин укугун коргогон акция өттү

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына “Супер инфо” гезити менен “Next TV” телеканалынын журналисттери пикетке чыгышты.

Алардын колдорунда “Мен милициянын зөөкүрлүгүнө каршымын”, “Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!” деген чакырыктар жазылган плакаттар бар.

17-январда милиция өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытайларга каршы акцияга чыккандардын айрымдарын кармап кеткен. Алардын арасында “Next TV” телеканалынын журналисти Жоодар Бузумов да болгон. Ал митингди түз көрсөтүп жаткан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тартип сакчылары анын журналист экенин билбегенин, башкармалыкка алып барылгандан кийин коё берилгенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: