Menu

Мурашевдин кадыры өлкөнүн 60% элинин кадырынан да жогорубу?

Бөлүшүү:

Сталиндин «Кадр баарын чечет, эгер биз мыкты кадрларды тандабасак анда эки бутубуз эки жакка талтайып турганы турган» деп өткөн кылымдын тээ 1935-жылы айткан сөзү андан бери 84 жыл өтсө да дале таасирдүү. Чынында эле бул түшүнүк ошондогу
Совет мамлекетине эле эмес, баарына, бардык өлкөлөр кабыл алчу түшүндүрмө болгон белем. Анткени кайсы өлкө болбосун анын алдыга жылышына ириде мыкты кадрлар башкы фигуранты болоору айдан ачык эле болуп турбайбы. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү күнү ал лозунга айланган сөз азыркы кыргыз бийлигинин феноменинде «кадр баарын чечет, шыпырат, жылаңачтайт» деген пародияга айланып бараткандай. Алсак, мамлекеттин жетекчилик кызматында «а» десе «бны» көрсөткөндөй болгон кимдери гана жок. Анын бир мисалы:

Негизи Кыргызстанды агрардык өлкө катары атап келебиз. Анан калса ошол агрардык тармактын өзөгүн түзгөн, президент С. Жээнбековдун «элетти өнүктүрүш башкы милдеттерибиздин бири» деген маанайда айткан чакырыгындай чынында эле
Кыргызстандын элинин 60 пайыз эли элет жеринде жашайт. Демек, айыл-чарба тармагы башкы приоритеттердин бири болуш керек. Андайда айыл-чарба тармагын үтүр-чекитине чейин билген, иштин көзүн таба алган мыкты кадр жетектеши керек эле. А бүгүн мамлекеттин ошол жооптуу тармагы болгон обьекти ким жетектеп жатат? Кандай кадр жетектеп жатат? Нурбек Мурашев.

… Айыл чарба министиринин иш билбестигин элет элиндеги дыйкан-фермерлерден тарта, айыл-чарбасын коен-жатагына чейин билген илимпоздор, республиканын массалык маалымат каражаттарынын дээрлиги ал «господиндин» андай жооптуу кызматты аркалоого татыксыз экенин тынымсыз айтып келишет. ММК демекчи, жакында эле министр Мурашев туурасында маалымат айдыңында өз салмагы бар «Азаттык» радиосу көлөмдүү сын-пикирин жарыялап чыкты. Андан көп узабай ошол эле массалык-маалымат каражаттарында дагы бир салмактуу делген «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттиги да Н. Мурашев туурасында ачуу пикирдеги маалыматын жарыялады. Аталган агентиктин журналисти Элеман Карымшаков министрге чириген картошканы «подарить» этти. Ага чейин биздин «Айгай-пресс» гезити да «Элди муңга салган Мурашевден башка кадр
жокпу?» деген макалабызды жарыялаган элек. Айыл-чарба министирине болгон ушул сыяктуу сын материалдарды дагы далай басылмалар, ошондой эле электрондук маалымат булактарынын канчалары жазышпады. Айыл-чарба министиринин ишине ичи чыкпай мурдагы Өкмөт башчысы Сапар Исаков сөгүш берсе, өткөн күздүн 23-октябрында президент Сооронбай Жээнбековдон ишин илгерилете албай жатканы үчүн катуу тил уккан. Андан 4 күн өткөндөн кийин азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да эскертүү берген. Өкмөт башчысы ошол эскертүүсүндө «Статистикадагы цифраны айтуу менен гана чектелип жатасыз. Биз экспорт эмес, өзүбүздүн ичибиздеги ишти кыла албай жатасыңар. Мына, эки эле өндүрүмдү мисалга алалы, төө буурчак менен картошканы. Аларды башка жакка сатуунун же кайра иштетүүнүн жолдорун көрбөй жатам. Министрлик мына ушуну жасашы керек да! Айыл-чарбасына караштуу канча институт бар, а силер 300 мин тонна картөшкөнү сата албай жатасыңар. Ушулбу силердин кылган ишиңер! Азыр айыл чарбасына канчалаган акчалар, гранттар берилип жатат. Жаңы технологиялар келип жатат. А сиз, Нурбек Мурпазылжанович, министрликте өз ордуңузду таппай жатасыз. Айыл-чарбасындагы иш болсо дыйкандар менен фермерлердин өздөрү жасап жаткан аракеттери боюнча эле жүрүп жатат.
Быйыл болсо картошка көбүрөк айдалып калса, ошонун айласын таппай жатасыңар» деген эле. А чынында премьер-министр белгилегендей айыл-чарбасына тиешелүү канчалаган инстиуттар бар. Учурда болсо аталган министрликте 5000 миңге жакын
кызматкер иштейт. Финансы министрлигинин маалыматына таянсак аталган министирликтин 2019-жылга карата жылдык бюджети 3 миллиард 152 миллион сомду түзүптүр. Анын ичинен ички керектөө жана маянага 1 миллиард 700 миллион сом
сарпталат экен. Ал эми ар кандай долбоорлорго 1 миллиард 355 миллион сом каралыптыр. Бул акчалардын баары тең элдин, анын ичинде ошол эле дыйкандар менен фермерлердин мамлекетке төккөн салыктарынан берилген акчалар. Мындайда эмне деп айтыш керек?

… Айтмакчы, өкмөт башчыдан эскертүү алган Мурашев эртеси картошканын баасы түшүп айласы куруп, айыл-чарба тармагынын чоңдорунун иш билбестигине катуу нааразы болуп турган дыйкандарга карата «чыдагыла, 10 күндүн ичинде картошканын баасы кыматтайт, бизге Өзбекстандан 17 фирма келатат, жакында жакшы баада сатып алат» деген убадасын берет. Эл ишенип тынчый түшөт. Бирок, анысы аткарылган жок, тескерисинче 7 сомдон 4 сомго чейин түшүп кетти. Бул деген
дыйкандардын мээнети таалага кетип банкротко кептелди дегендик. Анан айласы куруган дыйкандар кайрадан ачууланышып кыжырданып башташканда Мурашев министр бул убактылуу көрүнүш, суук түшөөрү менен баа көтөрүлөт деп кирди. Суук да
түштү, суук түшмөк турсун чилде да түштү, бирок Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин убадасы аткарылган жок!!!

Бирок, антсе дагы президент өзү чакырып алып зекиген, премьер-министр эскертүү берген Мурашевдин «мурдун балта кеспеди». Ага карата ачуу сындар ушунчалык мөндүрдөй жаап жатса да кылы кыйшайбаган деги анын колдогон кожосу ким? Же Мурашевдин кадыры Кыргызстандын 60 пайыз элинин кадырынан да жогорубу? Же Кыргызстанда айыл-чарбасын башкарууга андан башка кадр жокпу, калбай калганбы? Суроолор… Жайнаган суроолор… Жоопсуз калган суроолор…

Ушундайда, «бул эргулду ордунан козголто албаган ал эмне деген жан?» деген далайларды таңкалтырган дагы бир суроо пайда болот экен. Бир туруп аргасыз ой келет экен, балким айыл-чарбасы үчүн чындап эле кыйраткан иш жасагандыр деп. Ишенип-ишенбей өмүр таржымалына да үңүлүп көрдүк. Убагында Архимед тартылуу күчү менен түртүлүү күчүн таап алып «эврикалап» кыйкыргандай автобиографиясынан анчалык деле «удивительный» эч нерсени көрө албадык. Мындан 43 жыл мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айлында жарык дүйнөгө келиптир. Алган жогорку билимин карасак Ош технологиялык университетин аяктаганы жазылып жүрөт. Бирок, кайсы жылдары окуганы, кандай адистик алганы көрсөтүлбөптүр. Ишин базардан баштап, кийин 8 жыл (2000-2008-ж. ж.) «Мур-Ашим» деген айыл-чарба кооперативин башкарыптыр. Кыясы, «айыл-чарба тармагын билем» деп аны менен маектешүүгө барган журналистке кыр көрсөтүп жатканы ошол айлдык кооперативдеги 8 жылдык «опутун» айтып жатса керек. Антели десек айылдагы кооператив менен бүтүндөй бир республиканын айыл- чарбасын башкаруунун айырмасы асман менен жердей да? Ошентип Нурбек Мурпазылжанович ошол кооперативди башкарган учурлардан көп өтпөй (ортодо, кыска убакыт Ноокат районунун и. о. акими боло калып) 2010-жылы (болуп көрбөгөндөй секирик жасап) парламенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы аркылуу мыйзам чыгаруу бийлиги болгон Жогорку Кеңештин депутаты болуп чыга келиптир. Бирок, парламентте ал кандай алгылыктуу мыйзамдарды чыгарганын эстей албай койдук. Анан арадан беш жыл өтүп, ал арада «Республика» партиясы «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир бол» болуп үч-төрткө чачырап, кийинки 2015- жылдагы шайлоодо Мурашев «Бир бол» партиясы менен кайрадан шайлоого аттанып, аталган партия 12 мандатка ээ болуп, тизменин 30 «списогунда» турган Нурбек Мурашев
депутат болбой калат. Анткен менен айлакер бул жигиттин багына жараша арадан бир жыл өтпөй 2016-жылы күзүндө парламенттеги башкаруучу коалиция ыдырап, өкмөт жаңырып, азчылыктагы «Бир бол» фракциясы көпчүлүк башкаруучу коалицияга кирип, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп дайындалып, жаңы премьер-министрдин сунушу менен Мурашев Нурбек айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине сунушталып, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп, бакыйган министр болуп чыга келет. Ошондо парламенттин
элегинен өтүп жатканда мен министр болуп шайланып калсам айыл-чарба тармагын алдыга жылдыруу боюнча ар бир облуска бирден лаборатория куруу башталат. Анын алгачкысы Түп менен Кара-Буура райондорунда жаңы-жылдын алдына чейин буюрса аяктайт. Алар жыл жаңыргандан тарта иштей баштайт… » деген маанайдагы жалындуу убадаларын берет. А бирок андан бери бир эмес эки жаңы-жыл өттү. Анын айткандары сөз бойдон калды.

Беш айдан бери картошка маселеси боюнча жанагыдай убадалардын узун сериалын айтып келген Мурашев эми болсо билгениңерди кылып алгыла дегениби, (чынын айтсак түшүнө албай калдык) ушунча убакыттан бери дыйкандарга «упчу эмизип» келип, кечээ жакында «Дыйкандарга айтып кетерим, бүгүнкү күндө картошка 5-6 сом болуп жатабы, демек быйылкы баа ушундай экен. Бааны базар аныктайт экен. Базар көтөрбөдү» деп чыкты. Анан да дыйкандар картошканы өздөрү нормадан ашыкча айдап салышпадыбы дегеничи. Мурдагы жылы күзүндө Айыл чарба министрлиги өлкөнүн түштүгү жана Ысык-Көл облусуна, Нарын облусунун Кочкор районунун дыйкандарына картошка эгүүнү ошол көсөмдөр сунушташкан эле го? Эми минтип өздөрү жол таба албай, ансыз деле айласы куруп турган дыйкандарды минтип кайра «крайний» кылып жатканын кандай тил түшүнсөк болот? Урматуу президент? Урматуу премьер-министр? Азыр, ушу тапта, кайран дыйкандардын эмгеги талаага кетип, үмүттөрү өздөрү өстүргөн чирип бараткан картошкадай үлбүрөп, ачыктап айтсак алар ыйлап турган чагы! А-уу,
өйдөкүлөр, «элет жерин өнүктүрөбүз» дегендер, өзүңөр деле элестетип көргүлөчү, жаз мезгилинен тарта мээ кургаткан ысыктагы жай мезгилинен, андан кийин күз айында жер тытмалап баласындай эле бапестеп өстүргөн картошкасынын бир килограммын 4-5 сомдон жогору арзыбаган баага сата албай мукурап, чөгүп турган элет элинин абалын? Анан да минтип январь айы бүтсө эле, көз ачып жумганча буюрса жаз келет. Ага эмитен даярданыш керек. Ошондо эмне, килейген айыл чарба тармагын, мамлекеттин элинин теңинен көбүн түзгөн элдин эртеңки тагдырын дагы да ушундай жөндөмсүз жетекчилерге, өз ишин эптей албаган кадрларга тапшырасыңарбы?

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: