Menu

Мар Байжиев, Кыргыз Эл жазуучусу: “Бекназаровдун бул демилгеси “мыркымбайчылык!”

Бөлүшүү:

Отунбаева Роза азыр өзүнчө бир «оюнду» оргуштатып жатат. Ал ортодо Роза Исаковна менен бир кайыкта бараткандай болгон Азимбек Бекназаров 15-январда «Европа» мейманканасында тегерек столдогу жыйын куруп, ага Мукар Чолпонбаев, Курманбек
Осмонов, Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов сыяктуу «курултайчылар» катышты. Илимий-практикалык конференция деп айтылган ал жыйындагы көтөрүлгөн маселелердин өзөктүү көрүнүштөрүнүн бири орус тилин расмий деп аталган макамынан ажыратуу үчүн референдум өткөрүү сунушталганы болду. Бекназаровдун пикиринде бул маселе өткөн жылдын 24-ноябрында (ошолор өткөргөн) Курултайдын аткаруу комитетинин даярдаган мыйзам долбоорунун 7 сунушунун бири экен. Анан да тегерек үстөлгө чогуландар референдум өткөрүүнү ушул жылдын 24-ноябрына дайындоону да белгилеп жиберишти. Ал эми ушу тапта ал жыйынга катышкандардын, андагы көтөрүлгөн бир нече маселелердин ичинен А. Бекназаровдун орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушуна коомчулук аталган сунушушту анчейин жактыра бербей турган турган пикирлер басымдуулук кылып жатканы байкалууда. Түркүн ой-пикирлер айтылып, көпчүлүгү Бекназаровдун мындай кадамы менен «Бульдозер» деген каймана атка конгон бул инсан дагы эмнени каалап жатканын «түшүнө албай» турат. Алсак, мамлекетибиздин маданиятына эмгек сиңирген коомдук ишмер Мар Байжиев Азимбек Анаркуловичтин демилгесин «мыркымбайчылык» деп атады. Ошондой эле Кыргыз Эл жазуучусу, профессор Байжиев Мар Ташымович VESTI. KG электрондук маалымат булагына берген пикиринде: «Мен кесипкөй тилчи катары айтам, тил деген – бул саясий кубулуш эмес, ал биологиялык, адамга зарыл нерсе, аба сыяктуу. Кантип биз орус тилс и з ж а ш а й алабыз? Бул акмакчылык д е п о й л о й м . Мен Кыргызстандын Конституциясынын авторлорунун бири болом, ал жерде бешинчи главада жазылып турат, орус тили расмий тил эмес, эл аралык пикир алыша турган тил болуп саналат. Анткени орус тили дүйнөлүк деп таанылган беш тилдин бирине кирет, англис жана немис тилдери сыяктуу эле. Ал эми ар бир кыргыз жок дегенде эки тил билүүгө милдеттүү. Болбосо үч тил билүү керек, ансыз биз жашай албайбыз» деди.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: