Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү, АКШнын жараны Мансур Максуди Өзбекстандын маркум президентинин кызына таандык Швейцария банктарында камакта жаткан каражаттардын бир бөлүгүн алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Максуди Швейцариянын Der Bund гезитине берген интервьюсунда билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Мансур Максуди бир тууганы Фарид менен бирге Гүлнара Каримованын камактагы 800 миллион франкынын 100 миллион франкын алууну көздөп жатат.
Гүлнара Каримова менен Мансур Максуди 1991-жылы баш кошуп, 2001-жылы ажырашып кетишкен.
«Ажырашкандан кийин Мансур менен Фариддин Өзбекстандагы мүлкүн тартып алышкан. Алардын Coca-Cola Bottlers Uzbekistan компаниясындагы үлүштөрү ортомчулар аркылуу швейцариялык Zeromax компаниясына берилген», – деп жазды Der Bund.
Мансур Максуди басылмага берген интервьюсунда мүлкүн уурдап алгандар жазасыз калбай турганын эскерткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ