Menu

Жамин Акималиев, академик: “Мурашев элди да, президентти да алдады. Бул жигит айыл-чарбасынын таш талканын чыгармай болду”

Бөлүшүү:

– Айыл чарба министри биринчи кезекте адис болушу керек. Айыл чарба тармагынын татаалдыгы – анын асмандын алдында, аба ырайынан көз каранды экенинде. Адистер гана мунун сырын ачып, чемичкедей чага алат. Мурашевдин айыл чарба боюнча адистиги жок. Бул кишинин адистиги – коммерция. Күчтүү адис келмейинче айыл чарбасы алдыга жылбайт. Бул жигит эки жылдан бери эч нерсе жасай албай койду. Жылдын башында өзү туруп алып «министрмин» деп элге кайрылып: «Быйыл картөшкөнү көбүрөөк айдагыла, 1,5 миң тоннага чейин айдасаңар болот. Өзбекстан менен сүйлөштүк, жарым миң тоннасын
ошол жакка сатып берем, эч кандай кыйынчылык болбойт» деп байкуш элди ишендирген. Эми болсо «Өзбекстан албай жатат»деп тескери карап кеткен киши да министр болобу? Эгер элге азык-түлүк өндүргөнгө жардам бере албаса, анда ошол азык-түлүктү жакшы баада сатканга жардам берүү – ушул министрликтин түздөн-түз милдети. Мен эсептеп көрдүм, ушул жакшы сатылбагандыктан, экспорттун, кайра иштетүүнүн жоктугунан, жакшылап сактай албагандын кесепетинен өндүрүлгөн айыл чарба азыгынын 35 пайызы коромжуга учурап жатат. Мисалы бизге, өзүбүзгө 600 миң тонна картөшкө керек. Ал эми эл Мурашевдин тилин алып 1, 5 миң тонна айдап алып, анын жарымы чирип жок болду. Эми буга ким жооп берет? Макул, Мурашев деген ишин түшүнбөгөн жигит экен, эки жылдан бери элди кыйнап жүрөт. Бирок өкмөт эмне аны кармап отурат? Мен ушуга таң калам. Элдин шорунан, убалынан да коркуш керек да!

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: