Menu

Айылда туруп эле Кембридждин сертификатын алса болот

Бөлүшүү:

Эл аралык деңгээлдеги улуттук окуу жайлар региондо эмес борбордо да саналуу. Анткени, анын баасы эбегейсиз чоң. Мисалы, Бишкектеги (Oxford, Cambridge, Silk Road, ESCA мектептеринде жылдык төлөм 9-14 миң доллар. Бул жайларда негизинен чет өлкөлук дипломаттардын жана өзубуздөгу өтө эле капчыгы калындардын балдары окуйт.

2018-жылы чоң жаңылык болду. Ноокат районунун 8-классынын мыкты 8 окуучусу Кыргызстанда алгачкы жолу англис тили боюнча дүйнөдөгү эң бир ардактуу Кембридждик (Англия) экзаменди тапшырышып, 20 миңден ашуун мекеме, ишкана, окуу жайлар тааныган күбөлүктү алышты. Алардын арасында Phillips, Моtorola, Еlectoluх, DHL, Bosh, Saab ж.б. компаниялар Кingstan Соllegе, London Academy (Англия), Техаs Westerun University (АКШ), Sugiyama University (Япония), Academia de Limages (Франция) өңдүү окуу жайлары бар. Биздин жаштар ушул жолдо болуп, дүйнөлүк сапаттагы билим алууга умтулса, Кыргызстандын келечеги кең болот. Белгилеп койчу нерсе, бул долбоор чет өлкөлүк уюм же бийликтин жардамысыз эле «Англис тили 7 айда» китебинин автору Ш.Назаралиевдин каржылоосу жана демилгеси менен ишке ашты. Эмесе, сөз автордо.

Жер каймактаганда эле окуу жайларын көбөйткөн Египет фараондору анын себебин төмөндөгүчө түшүндүргөн: «Билимсиз эл – байкуш эл». Ошондон бери адамзат бул жолдон чыга элек. Анткени, билим прогресске жеткирип, жакшы жашоо алып келишин баардыгы түшүнөт. Болбосо күндүр-түндүр, айлап-жылдап көз майын коротуп отургандын кереги не? Ошон үчүн элде «Билим алуу – ийне менен кудук казгандай», «Билеги жоон бирди, билимдүү миңди жыгат» деп айтылат. Белгилүү болгондой, биздин эл акыркы малын сатса да «балама билим берсем» дейт. Бирок, кемчилиги – кайсы мектепке окутуп, кандай билим берүүнү билбегендикте. Алардын критерийи бирөө – кымбат болсо, демек мыкты. Бул жаңылыш жол. Жыйынтыгы барды-келди мектеп, сатылып алынган диплом болуп, жумушсуздардын,  миграциянын саны жылдап өсүүдө. Биз өзүбүздү алдасак да башканы алдай албайбыз. Ал сыртка чыкканда эле билинип жатат. Россиянын маалымат каражаттары «жогорку квалификациядагы инженер, врач, мугалим керек» деген сунуштарга толо. Биздин мигранттардын 50%дан ашууну жогорку билимдүү болсо да, 90%дан ашууну кара жумушта. Анткени, алардын билим деңгээли төмөн. Диплом сатылып алынган. Нагыз билим жок.

Бир жыл мурда эксперимент катары Ноокат районунан 8 мыкты окуучуну алып, англис тили боюнча эл аралык экзаменге даярдоого өткөнбүз. Алардын баардыгы Кембридждик экзаменди тапшырышты. Колдоруна эл аралык сертификатты алышты.  Белгилеп койчу нерсе, мындай күбөлүктү бере ал байт. Ал биздин аттестат, дип-ломдон алда канча бийик турат, анткени, анын ээлери дүйнөнүн каалаган мамлекетине барып, иштеп, окуй алышат.

Ырас, бул ишти жүзөгө ашыруу көп жылды жана чоң каражатты талап кылды. Ал өзүнчө сөз. Негизи, жыйынтык чыкты. Республика боюнча билим берүү тармагында бурулуш болду да. Кыскача айтканда, шаар эмес, айылда туруп эле жогорку сапаттагы, дүйнөдөгү кеңири таанымал колледж, университет, институт, академияларынан билим алып, татыктуу жумуш табууга боло тургандыгын далилденди. Бул «билим акча менен сатылып алынат» деген түшүнүктөн кайтып, жаңы багытка, жапатырмак киришсек, миңдеген жаштардын келечегин татыктуу чечсе болот (!) дегендикке жатат. Анткени таланттуу, зирек, акылы тунук жаштар бизде деле жетиштүү.

Кыргызстан азыр ачыла элек сыр сандыкты элестетет. Ар нерсенин өзүнүн ыгы бар. Ал сандыктын кулпусу ачкыч менен ачылат. Ошол ачкыч – өсүп келе жаткан жаңы муун. Биз аларга туура жолду көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Алар эмне дейт? «Кембридж туурасында укканда, бул даңазалуу окуу жайдын күбөлүгүн алууну ойлогон эмеспиз. Ал бизге фантазиядай сезилген. Биз айылдык эле жөнөкөй кыргызбыз. Кыргыз жаштары мектепти бүтөт, жогорку окуу жайда окуйт, анан өз айылына келбей, Россияга кетишет. Анткени, “Кыргызстанда жакшы иштеш үчүн тааныш керек, пара бериш керек” деген түшүнүк калыптанып калган. Башка жол жоктой сезилген. «Биз да ошондой болобузбу?» деп жүргөнбүз. Эми бул ой туура эместигине толук ишендик. Көрсө, көп нерсе өзүбүздүн колубузда экен. Эгер жол көрсөтүүчү адам болсо». Бул Кембридждик күбөлүккө ээ болуп, азыр Оксфорд колледжинде сырттан билим алып, Дубайда жүргөн Абдижапар уулу Адилет жана Алыкул уулу Абдимансурдун ою.

Жыйынтыктап айтканда, жаңы муундун заманбап, татыктуу, эл аралык деңгээлдеги билимдүү болушу замандын талабы. Аны өз күчүбүз менен чечсек болот. Биз ошондо гана өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жете алабыз.

Шайлообек Назаралиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: