Menu

Нуржигит Үсөнакун уулу: “Мамлекеттик бюджеттен сырткары иштеген жарандар да ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”

Бөлүшүү:

Буга чейин мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү «Арзан турак жай 2015-2020» программасы менен ипотекалык насыя алып, турак жайлуу болушкан. Ал эми бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканаларда иштеген жарандар үчүн 2019-жылдын 2-чейрегинен тарта ипотекалык насыя берилип, турак жай менен камсыз болушу күтүлүүдө. Толук маалымат алуу үчүн мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу менен маектештик.

– Бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканаларда иштеген жарандар үчүн ипотекалык насыя алуунун жол-жобосу кандай болот?

– Баарыңыздарга маалым болгондой, мамлекеттик ипотекалык компания турак жайга муктаж жарандарга турак жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында түзүлгөн. Биринчи ипотекалык насыяны 2016-жылдын 25-мартында бергенбиз. Алгачкы этапта ипотекалык насыяны мугалимдер менен дарыгерлер гана ала турган болсо, бүгүнкү күндө бюджеттен маяна алып иштеген башка жарандар үчүн дагы ипотекалык насыя берилүүдө. Андыктан, биздин максат – калктын артыкчылык берилген катмарларын кеңейтүү. Анын ичинде каражаттарды тартып келүү биздин эле мамлекетте эмес, дүйнө жүзү боюнча орчундуу маселе. Бул маселени МИК алып келип жатат. Ушул багытта бүгүнкү күндө берилген дээрлик 4 млрд. 300 млн. сомдук ипотекалык насыябыз ушул бюджеттен алган карыздан берилүүдө. Ал эми мамлекеттик эмес компанияларда же жеке бизнестерде иштеген жарандар үчүн ипотекалык насьш ушул жылдын 2-чейрегинен баштап берилет деген ниеттебиз. Бул багытта биздин алгачкы түрдө Кыргызстандагы жаңы финансылык инструмент – бул биздин ипотекалык баалуу кагаздарыбызды чыгарып, ал баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана сатуу. Баалуу кагаздардан учурда аз-аздан каражаттар түшө баштады. Тизмелерди түзүү боюнча жергиликтүү администрацияларга каттарды жөнөттүк. Ошондой эле эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бүгүнкү күндө КFW немец өнүктүрүү банкы аркылуу каражаттарды тартып жатабыз.

– Көпчүлүктү ойлондурган маселе алгачкы төлөмдүн шарты кандай жана пайыздык чендердин суммасы эмнеден көз каранды?

– Өздүк салымыңыз 10-20%га чейин болсо, сиздин пайыздык чениңиз 9%ды түзөт, 20-30%га чейин болсо, анда 8%ды түзөт. Эгер 30%дан жогору болсо, анда бир жылда 7% болот. Бул мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Ал эми мамбюджеттен сырткары иштеген жарандар үчүн талаптар кичине башкачараак. Ал үчүн өздүк салым 20%дан кем эмес болушу зарыл. Ошондой эле пайыздык чен 14%ды түзөт. Бул жагдайда албетте, ошол тартылып келген каражаттардын өздүк наркын эске албай коюуга мүмкүн эмес. Эки учурда тең максималдуу сумма 3 млн. сом 15 жылга чейин гана берилет. Жарандардын баардык катмарына толук кандуу шарттарды түзүп, мүмкүнчүлүктөрдү берүү жолу менен өэдөрүнүн турак жай маселесин чечкенге жардам берүү башкы тилегибиз.

– Коммерциялык ипотека менен мамлекеттик ипотеканын айырмачылыгы эмнеде?

– Кыргызстанда иштеп жаткан 25 банктын саналуусу гана өз алдынча коммерциялык ипотека менен иш алып барат. Банктарда бүгүнкү күндө тилекке каршы, ички валюталык узун мөөнөттөгү каражатгар жок. Андыктан, эң көп дегенде он жылга гана бере алат. Ошондой эле өздүк салымы 30%дан жогору талап кылынат. Ал эми пайыздык чендери 16-22%га чейин каралган. Анын ичинде ипотекалык насыяларды алууда ар кандай комиссиялары дагы бар. Биз бүгүнкү күндө иштеп жаткан 25 банктын 14 банкы менен тиешелүү келишимдерге кол коюшуп, ошол банктар аркылуу ипотекалык насыяларды берип жатабыз. Бизде эч кандай пайыздык комиссиялар талап кылынбайт.

– Ипотекалык насыя алууда жарандар кандай документтерди даярдоо керек?

– Турак жайга муктаж жарандын акыркы үч жылда турак жайды сатуу же сатып алуу боюнча бүтүмдөрү болбошу зарыл. Ошондой эле өзү жана өзү менен чогуу жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрү дагы бул талапка ылайык келиши шарт. Өзүнүн иштеп жаткан жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кайрылат. Баардык райондук администрацияларда биздин ипотека иштери боюнча иштей турган жооптуу кызматкерлер бар. Аларга кайрылып, арыздарды калтырса болот. Катталган жарандар  шартгарга төп келе турган болсо, ал жарандардын тизмесин өнөктөш банктарга жөнөтүп, расмий сайтыбызга дагы жайгаштырабыз. Ошол күндөн тарта жарандар Кыргызстан боюнча келишим түзгөн 14 банктын баардык филиалдарына барып, талапка ылайык документтерди тапшырышат. Өнөктөш банктар жаранга ипотекалык насыяны берүү же бербөө боюнча чечимди өз алдынча кабыл алышат.

– Эмне себептен мамлекетгик бюджеттен сырткары иштеген жарандарга Бишкек жана Ош шаарларынан ипотекага үй алууга болбойт?

– Мамлекеттик бюджеттен сырткары иштеген жарандар ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошол боюнча биз «жеткиликтүү ипотека» багытын баштаганбыз. Ал багыт мамлекеттик эмес ишканаларда иштегендерге багытталган. Акыркы он жылдан бери кичи шаарларда жана элет жергесинде турак жайды колдонууга берүүнүн азайышынан турак жай менен камсыздоо маселеси өлкөнүн аймактарында өзгөчө актуалдуу. Ошондой эле бүгүнкү күндө КР президентинин жана өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги багытынын бири – аймактарды өнүктүрүү. Ушуга байланыштуу инвестор KFW немец өнүктүрүү банкынын каражаттарын Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары аймактарда ипотекалык насыяны өнүктүрүүгө багыттоодо. Ал эми биздин жогоруда айткан баалуу кагаздарыбыздан түшкөн каражат менен аталган шаар тургундарын «жеткиликтүү ипотека» аркылуу турак жай менен камсыз кылууну пландаштырып жатабыз.

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: