Menu

ИИМ: Бүгүн Бишкек ШИИББде плакаттарды жана чакырыктарды көтөрүп келишкен “Супер инфо” гезитинин журналисттери менен жолугушуу өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн кээ бир маалымат агенттиктеринде “Супер инфо” гезитинин  журналисттери колдоруна “Мен милициянын зомбулугуна каршымын” аталыштагы  плакаттарды көтөрүп алышып митингге чыгышты деген маалымат тараган. Билдирмелерде чогулгандар кечөө күнү Ала-Тоо аянтындагы митингде  кармалган кесиптеши, “Next TV” журналистине колдоо көрсөтүү үчүн  чыгышкандыгы маалымдалган. Андан сырткары, алардын оюу боюнча  митингде  кармалган журналисттин профессионалдык милдеттерин аткарууга тоскоолдук жаратышып,  милиция анын укугун мыйзамсыз чектегендиги белгиленген.  Кечеки күнү аянттан митингдин катышуучуларын таратуу убагында коомдук  коопсуздукту бузган жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын ичинде  эки телеканалдын журналисттери дагы болгон. Тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, ички иштер министрлиги  маалымдайт, бүгүн ЖМКнын өкүлдөрүн Бишкек ШИИББде кабыл алып, шаардык милициянын жетекчилиги аянтта коомдук тартипти бузгандар менен кошо  кармалып, ИИБге жеткирилгендердин арасында телеканалдардын кызматкерлери  бар болуп калгандыгына байланыштуу журналисттерден кечирим сурады.  Бирок, ал эл катары телефон менен видео тартып, селфи кылып жүргөн  кезинде анын журналист экендигин эч ким билбегендигин баса белгиледи.

Ички иштер министрлиги билдирет,  “Next TV” телеканалынын кызматкеринде  аянтта коомдук коопсуздукту бузган жарандардан ЖМКнын өкүлдөрүн айырмалай турган айырмалануучу  же өзгөчө белгилер болгон эмес.  Кармалган жарандарды ИИБге жеткиргенде милиция кызматкерлери такташып, телеканалдардын өкүлдөрүн коё беришкен. Бүгүн журналисттер колдоруна “Мен милициянын зомбулугуна каршымын” аталыштагы чакырыктарды  көтөрүп алышкандыгы түшүнүксүз болуп, таң калыштуу ойлорду жаратууда. 2013-жылы эле ар кандай митингдерди өткөрүү учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн тартип сакчыларынын жоопкерчилиги көрсөтүлгөн шаардык милиция менен журналисттер тарабынан  меморандумга кол коюлган. Аталган документ “Медиа Полиси” коомдук
фондунун жана анын жетекчиси Бегаим Усенованын демилгеси менен түзүлгөн  эле. “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана укук коргоо органдарынын  кызматташуусунун принциптери жөнүндөгү Меморандумга” 15 шаардык ЖМК  менен интернет басылмалардын жетекчилиги кол коюшкан. Макулдашуунун  негизги максаты массалык иш-чараларды чагылдырган журналисттерди аныктоо, ЖМКнын редакциясына, журналисттерге массалык иш-чаралар жөнүндө толук жана өз убагында маалыматты алууга  көмөк көрсөтүү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери өз кезегинде митингге жана
жүрүштөргө барууга багыт алышкан журналисттерин атайын жазуусу бар жилеттер жана бейджиктер менен камсыз кылууларына милдеттендирилген.

Журналисттер бул шарттарды аткарууда коопсуз болушат. Жогорудагы меморандумдун убактысы чектелген эместигин белгилейбиз. Документ митингддер учурунда ЖМКнын өкүлдөрү менен шаардык милициянын кызматташуусун жөнгө салган эле. Эми учурдагы митинг боюнча бир да журналисттин алардын басма сөз каражаттарынын өкүлдөрү  экендигин белгилөөчү белгилери жок болгон, ал эми “Next TV”нын кызматкери митингге катышкандар менен селфиге түшүп журүп коомдук тартип бузгандар менен аралашып кеткен.анын журналист экени болгону такталганда койо берилген. ИИМ ар кандай көчө чогулуштарда, митингидерде, акцияларга басма сөз каражаттарынын өкүлдөрү   катышкан кезде алардын атайын белгилерин, жилеттерин же бейджиктерин ала жүрүшүн суранат жана коопсуздук маселесинде тиешелүү шарттар карала тургандыгын баса белгилейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: