Menu

Текебаевдин ишинде президентти жек көрсөтүү саясаты жүрүп жатабы?

Бөлүшүү:

«Шылуундук» беренеси менен сегиз жылга кесилген Текебаевдин маселесин кээ бир саясий ишмерлер учурда кайрадан козгоп, коомчулукту коозутканга аракеттенүүдө. Ал ырайым берүү алкагында ачык байкалып, саясий топтор президентти мыйзамсыз кадамдарга түрткөнүнө күбө болдук бирок азырынча кемчилик кеткен жок.

Президентти саясатчылар белгисиз нерсеге аралаштыргылары келгенин кыйытып, Өмүрбек Текебаевдин боштондугу үчүн күрөшүү «модага» айланганын билдирип, көптөгөн саясатчылар бул нерсе менен «кызыл кулактык» кылып баштаганын ачыкка чыгарды: «Эгерде анын мааракесин майрамдоого кимдер келгенине көз салсак, анда алардын көбү мурда аны менен такыр эле «жылдызы келишпеген» саясатчылар экенине күбө болобуз. Албетте, адам түрмөдө отурганда аны колдош керек. Бирок, саясатчы үчүн бул такыр эле башка кеп. Мен аны менен сүйлөштүм. Текебаев ырайым алуудан баш тартууда. Анткени ал өзүнүн күнөөсүн моюндаган жок. Ал эми Роза Отунбаеванын ырайым суроо боюнча ыкмасы, башынан эле чийки жана саясатташып кеткен эле. Президентке «соттор туура эмес кылган, Текебаев баары бир ак» дегенди кабыл алуусун таңуулашты. Ушундан улам, президентти бир нерсеге аралаштыргылары келген сыяктуу.

Мурда «ырайым бериле турган адам ырайым берүү боюнча өзү кылганына өкүнүп кечирим берүүсүн өтүнүп кайрылыш керек» деген норма бар болчу. Кийинчерээк бул норма түшүнүксүз болуп калды. Анда «кечирим үчүн эрежеге ылайык соттолгон адам кайрылыш керек» деп белгиленген. Бирок, иш жүзүндө соттолгон адамдан тышкары дагы ким ырайым суроого акысы бар экени мыйзамда так жазылган эмес. Мен амнистия боюнча жаңы мыйзам иштеп чыктым. Ал жерде ырайым кылууну акыйкатчы да сураса болот деп көрсөтүлгөн. Бирок, документти али кабыл алыша элек» деди. Чындыгында эле бул маселени саясий өңүттөн  карабастан мыйзамдын алкагында туура чечүү зарыл. Бир кишиге ырайым берилсе, эртең башкасы да баш көтөрөт. Анткени азыр түрмөдө ондон ашык саясий туткун деп эсептелгендер жазасын өтөп жатат. Эгер ырайым берилсе өз же жат деп бөлүнбөстөн, баарына бирдей күн тийгени жакшы. Ошондо адилеттүүлүк жөнүндө кеп кылсак болот.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: