Menu

“Апрель баатырлары” Мээрбек Мисканбаевдин “мизин” кайрыйбыз дейби?

Бөлүшүү:

Апрелчилердин пикири боюнча мурда Мээрбек Мискенбаевди Фарид Ниязов калкалап келген. Ошондуктан азыркы премьер-министрден чара көрүүнү өтүнүшүүдө. Апрель баатырлары «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси экс-депутат Мээрбек Мискенбаев тууралуу өз ойлорун кат жүзүндө билдиришип, премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевге жана Өкмөткө кайрылышкан.

Кайрылуу катта төмөнкүдөй пикир берилген:

«Биз, Апрель элдик революциясынын баатырлары Бакиевдик кланга каршы күрөшкөнбүз. 2010-жылы медициналык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин түзгөнбүз. Бирикменин башында туруп, элге жардам берип келдик. Көйгөйлөр көп болгондуктан кезинде Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаевдер жардам берген, танбайбыз. Бирок биздин бирикменин жетекчилигине М.Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиев келгенден кийин биздин ынтымакка доо кетти. Алар айланасына өздөрүнө окшогон акчага сатылган шылуундарды топ-топ алышты. Ошол кезде апрель окуясынан жабыр тарткандарга «Кыргыз-көмүр» тарабынан 2 млндон ашык суммада бекер көмүр таратылган. Бирок ошол Мискенбаев менен Жамгырчиев жана алардын жакындары көмүрдү сатышып, акчаларын өз чөнтөктөрүнө «урушкан». Азыркы учурда алардын Бишкек шаарында 3-4төн элиталык батирлери бар.

Биз ошол кезде тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Бирок иштин арыш алышына Фарид Ниязов болушунча тоскоолдук кылганын билдик. Анын жеке өзүнө дагы кайрылганбыз. Бирок биз келтирген фактыларга карабай бир дагы реакция кылган эмес. Анан 2017-жылы «Айкөл Ала-Тоо» бирикмесинен чыгып, өз алдыбызча «Айкөл Таза Коом» коомдук бирикмесин түздүк. Мындан кийин жабыр тарткандарга берилген көмүр тууралуу акыйкаттыкты далай издедик. Ошол кезде Мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп тургандыктан Фарид Ниязов бизге сыртын салды. Ал тургай мамлекет тарабынан берилчү ар кандай жолдомолордон кур жалак калтырды. Фарид Ниязов баардык суроолор Мискенбаев аркылуу чсчилет деп ачык айтты. Учурда эки баатыр, Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиев эч нерсе уурдаган да, өзүбүзгө өткөрүп алган да эмеспиз деп жандарын жеп атышат.

Биз официалдуу түрдө Премьер-министрге жана Өкмөткө кайрылабыз. Кылмыш ишин козгоо боюнча чара көрүңүздөр. Биз козгогон ишти жабуу аракеттери көрүлүүдө. Урматтуу Президент, сиз коррупция менен күрөшүү тууралуу аеосуз күрөш болот деп айткансыз. Мыйзам алдында баардык жаран бирдей болгондуктан «Апрель баатыры» наамы элдин акысын жегенге укук бербейт. Жана революцияны жамынып башаламан, мыйзамсыз иштерге барууга эч кимдин акысы жок. Өзүңөр байкагандай, Мискенбаев кытайларга каршы митингде активдүү болуп, катышуучуларын каражат жактан уурдалган акчаларды берип, камсыздады. Ал бул кылыгы менен Апрель баатырларынын атын булгап жатат. Биз официалдуу түрдө айта алабыз, бул эки аферисттин иштерине биздин тиешебиз жок. Биз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдойбуз. Биз 6 жыл бою Атамбаевдин бийлигин байкап турдук, бир да жолу сын айткан жокпуз. Ар бир адам ката кетирет, кемчиликсиз адам болбойт. Ал кеткенден кийин деле аны ур-тепкиге алган жокпуз, себеби сыйлайбыз. Бүгүнкү президентибиз Сооронбай Шариповичти дагы сыйлайбыз. Аны кыргыз эли тандап алды. Президентибиз өз сапарын жаңы гана баштады. Анын коррупция менен күрөшүүсүн колдойбуз жана ар тараптан жардам берүүгө даярбыз. Ката кетирсе чыгып айтууга дагы даярбыз. Бир жылда 10 жылдап чогулуп калган көйгөйлөрдүн баарын чечип үлгүрүүгө болбойт. Учурда элдин колдоосу жана убакыт керек. Айрымдар Апрель Баатырларын саясий оюнга аралаштырып, курал катары пайдалангылары бар. Бул туура эмес. 2010-жылдын 7-апрелинде биз эл үчүн аянтка чыкканбыз, Атамбаев же болбосо дагы башка бирөө үчүн эмес. Биз өлкөбүздөгү акыйкаттык үчүн, тынчтык үчүн күрөшөбүз. Мискенбаевге окшогондор акчага өлкөнүн саясий абалын туруксуздаштыруу үчүн ар кимдин буюртмасын аткарууга даяр. Чыныгы патриот мындай кадамдарга бармак эмес. Кытай биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Ар бир чет элдик жарандын жана компаниянын иш аракеттерин мамлекет тыкыр көзөмөлгө алуусу шарт. Биринчи кезекте биздин өлкөнүн кызыкчылыгы турат. Эгер кимдир бирөө арам оюн ишке ашыргысы келсе, аларга каршы 7-апрелдегидей көтөрүлөбүз».

Ал эми акыркы маалыматтар боюнча «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси алмашты. Бул тууралуу уюмдун өкүлдөрү билдиришти. Уюмдун кезектеги жыйынында Мээрбек Мискенбаев өзү жетекчилик кызматын тапшырган. Анын ордуна Амантур ЖамгЫрчиев шайланды.

«Бул Мээрбек Мискенбаевдин жеке чечими. Жетекчиликтин алмашышы биздин ишибизге тоскоолдук жаратпайт. Биз Апрель окуясынын баатырларын социалдык жактан камсыздоо боюнча иштерди уланта беребиз. Саясатка болсо калыс жана бейтарап карайбыз»,- деп билдирди бирикменин жаңы жетекчиси Амантур Жамгырчиев.

Кошумчалай кетсек, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин түзүлгөн жана аны акыркы 4 жылдан бери Мээрбек Мискенбаев жетектеп келген.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: