Menu

Таштаналиевдин “коррупциясын” ким тыят же Суу чарба департаментиндеги 210 миллион доллар кайда жоголду?

Бөлүшүү:

Көкүмбек Таштаналиев жетектеген Суу чарба жана мелиорация департаментиндеги кыңыр иштер боюнча кеп козгоонун алдында Сооронбай Жээнбековдун 9-январда сүйлөгөн сөзүн эске сала кетелик. Анда Президент: «Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган. Көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат. Биз коомду коррупциядан тазалабай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз, муну ар кимибиз түшүнүшүбүз керек. Бул Президенттин же укук коргоо органдарынын эмес, жалпы элдин иши болушу шарт. Коррупционер мактанып элдин арасында жүргөндөн, жоопко тартылгандан коркушу керек. Элдин ырыскысын уурдагандар кайра кайтарып бере тургандай болушу керек. Коррупция менен күрөш токтобойт» деди.

Андан мурдараак, Сооронбай Шарипович: «Коррупционерди атынан атагыла!» деген чакырык таштаган. Анда биз Көкүмбек Ташганалиевдин ысымын ачыкка чыгаруу менен ал жетектеген департаменттеги миллиондогон долларларды кемирген жемкорлуктун чекесин чубайлык. Президенттин кол алдындагы органдар тез арада мунун тамырын казсын. Анткени, Таштаналиев баш болгон департаменттеги жооптуу кызматкерлер товарларды сатып алуу, кызмат көрсөтүү жана курулуш иштериндеги тендерлерде бийлигинен ашыра пайдаланып, акчаны адалдоо группаларын уюштурганы айтылса да жоопкерчиликке тартылбай келе жатканы коомчулукту иренжитип, бийликке болгон ишенимди жоготууда.

Сөз башында кыстара кетчү жагдай, 2012-жылдан бери департаментте генералдык директор болуп иштеп, жашы 70ке таяган Көкүмбек Таштаналиев УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин жакын тууганы, т.а. таякеси болот. Таанышың болсо таңкасын дегендей, өзум билемдик менен иш жүргүзүп келе жатат. Өкүнүчтүүсү, Көкүмбек бүгүн да башына бак кондурган «экстер» менен болгон байланышын үзбөй, коомчулукту митингге тукурган арам ойлуу күчтөрдүн аркасында турганы жалганбы? Бул биринчиси. Экинчиси, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү стратегиясына суу чарба тармагына 81 млн. долларлык 16 долбоор кирген. Ага ылайык, жыл сайын 10 миң гектар жерди өздөштүрүү тапшырмасы коюлган. Каражат толугу менен бөлүнгөнү менен иш эмне себептен толук аткарылган эмес?

Үчүнчүсү, Суу чарба жана мелиорация департаментинин 2013-жылдан 2016-жылга чейинки отчетун карасак, НСУРдун чегинде 210 млн. доллар (1 млрд. 375 млн. сом) бөлүнгөн. Ошондой эле республикалык бюджеттен 93 млн. додлар (619,5 млн. сом) суу чарба объектилерине техника сатып алуу жана курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүү үчүн бөлүнгөн. Каражаттын дайын-дареги кайда? Анда суроо жараткан, проблемалуу деп эсептелгендердин тизмектеп көрөлүк.

1. 10 млн. долларга суу чарбасына оор жүк ташуучу курулуш техникалары сатып алынган (эксковаторлор, бульдозерлер, крандар, погрузчиктер ж.б.).

2. 50 млн. доллар 3500 гектар жерди өздөштүрүү үчүн Кадамжай районундагы Бурганды массивине бөлүнгөн.

3. 15,75 млн. доллар Аксы районунун Ренжит өрөөнүндөгү Беш-Батман каналынын аяк жагын реаблитациялоо жана 1074 гектар жерди суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн бөлүнгөн.

4. 1,28млн.доллар Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясынын башкы суу тоскучун реаблитациялоо менен 600 гектар жерди өздөштүрүү жана 200 гектар жерди суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында бөлүнгөн.

5. 60 млн. доллар Кадамжай районундагы Каракыштак-Боз каналын куруу менен 568 гектар жерди өздөштүрүү жана 700 гектар жерди суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн бөлүнгөн. Эми ичине үңүлүп көрөлү.

1. Суу чарбасына алынган 244 даана техника боюнча:

2014-жылы Түрк грантына техникаларды сатып алууда тендердик процедуралар бузулганын Прокуратура менен финполиция аныктап, жооптуу кызматкерлерге кылмыш ишин козгогон. Ишке катышы бар департаменттин директорунун орун басары Э.Жусуматов, инвестиция бөлүмүнүн башчысы И.Жолдошалиев, азыр директордун орун басары, мурунку механизация секторунун башчысы болгон Э.С.Жейреновдор СИЗОго киргизилген. Көп өтпөй алар бошотулуп, аталган кылмыш иши жогорку тепкичтеги кишилердин таасири астында кыскартылган. Бирок, эффективсиз башкарган шалаакылыктын айынан талаптарга жооп бербеген техникаларды алып мамлекетке зыян келтиргенин кайда катабыз? Муну көз ачып жумгучакты  аныктаса болот. Үч жылдын ичинде сатып алынган 244 даана техниканы текшерсе дароо оркоюп чыгат. Азыр 30 гана пайызы ишке жарактуу экен. Калганы металлалом катары ар кайда жатканы айтылат.

2.З.4.5. Суу чарба объектилери боюнча:

2013-жылдан 2016-жылга чейин НСУРдун кредитинин алкагында республикалык бюджеттен суу чарба объектилери курулган. Департаменттин расмий маалыматы боюнча аталган объектилер толугу менен курулуп бутүп, тапшырылган. Бирок иш жузундө алардын баары бүткөн эмес. Эмне учүн? Анткени, биринчиден, курулуш маалында курулуштун нормалары менен эрежелери бузулган, долбоордогу көрсөткүчтөр кыскартылып курулган, курулуш-монтаждык иштери эң төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөн, кайсы бир объектилер логикалык аягына чыккан эмес, алар мамлекеттик комиссиядан өтпөй калгандыктан эксплуатацияга бериле электиги кандай?

Экинчиси, ар бир долбоор бүткөндө жаңы жерлер өздөштүрүлүп жана суу менен камсыздоо жагы жогоруламак. Бирок өздөштүрүлгөн жана суу чарбасынын курулушу боюнча 4 жылдык статистиканы карасак, Баткен облусунда 400 гектар (долбоордо 3500 гектар каралган), Жалал-Абадда 100 гектар (долбоордо 1074 гектар каралган), Нарын облусунда 100 гектар (долбоордо 600 гектар жаңы өздөштүрүлгөн, 200 гектар суу менен камсыздоону жакшыртуу каралган). Мына ушундай жол менен суу чарба жана мелиорация департаменти кыргыз элин жана мамлекет жетекчисин алдап отурат.

Эгер ар бир жерди өзүнчө карасак, төмөнкү көрүнүштү көрөбүз. Аксы районундагы Ренжит өрөөнүндөгү Беш-Батман каналынын аяк жагын реаблитациялоо кубаттуулугу чындыкка дал келбейт. Долбоор боюнча каналдын агымынын кеңдиги 3,6м3/с, каналдын узундугу 7460 метр болмок, комиссиянын текшерүүсү менен канал 3,6м3/с. эмес, 2,5м3/с. экени аныкталган. Бул каналдын кичирейтилгенин аныктайт. Мындан сырткары, каналдын 220 метри чөгүп, жарака пайда болгон. Бул объектини тапшырганга катталган. Муну Аксы районунун суу чарбасынын жетекчиси А.Апсаматов өз учурунда, 2018-жылдын 22-октябрында белгилеп, расмий катта көрсөткөн. Тилекке каршы, департамент жетекчиси К.Таштаналиев райондук суу чарба жетекчисинин кайрылуусуна реакция жасаган эмес. Мындай фактылар толтура.

Насостук агрегаттык станциялар боюнча:

Департаменттеги мамлекеттик сатып алуулар багытындагы коррупциялык схеманы түзгөн жооптуу кызматкерлерди өлкөнүн кызыкчылыгы менен тез арада текшерүү зарыл. Айтсак, Суу чарба жана мелиорация департаментинде 111 мамлекеттик насостук станция бар, аларды камсыздоо үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен 250 млн. сом бөлүнөт. Насостук станцияларга керектүү шаймандарды, тетиктерди алуу жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражат бөлүнөт. Акыркы үч жылдын анализин карасак, 2014-жылы 18,5 млн. 2015-жылы 40,5 млн. 2016-жылы 12,8 млн. сом бөлүнгөн. Шаймандарды сатып алуудагы тендерде департаменттин жооптуу кызматкерлери жеке кызыкчылыгын канааттандырып, сатып алуу процедураларын бузган. Аны фактыдан карасак, 2014-жылы Суу чарба жана мелиорация департаменти эки тендер жүргүзгөн.

Биринчи тендер:

Департамент 8,312 млн. сомго насостук каражаттарды сатып алган. Т.а. 3,592 млн. сомго «Шатурный» ЖИден центробежный насосту 4,720 млн. сомго «Подшипниковый Центр ЛТД» ОсООсунан Д4000-95 үлгүдөгү 1 даана насостук агрегат С Д Н-2-16 электр кыймылдаткычы менен (счет фактура №036601 от. 30.07.14-ж.) сатып алган. Кызыгы, так ошол насостук агрегат ведомствонун алдындагы, өзүнүн структуралык кызматы болгон Нарын райондук суу чарба башкармалыгына 4,927 млн. сомго кайра сатылган. (№036601 счет фактурасы менен 30.07.2014-жылдагы №108 накладной боюнча). Ортодогу айырма 207,5 миң сомду түзгөн. Мындай насостор КМШнын базарларында 2 ашып кетсе 3 млн. сом турат.

Экинчи тендер:

Департамент кайрадан «Подшипниковый Центр ЛТД» ОсООсунан 5 лот менен 3,477 млн. сомдук насостук шаймандарды сатып алган. Мындан сырткары Д4000 насосу үчүн тетиктерди алууга 356,1 миң сом, Д6300 насосу үчүн тетикке 722,9 миң сом, ЦН 1000-180 насосу үчүн тетикке 473,3 миң, Д6300 насосу үчүн 1,925 млн. сом (счет фактура №048269 от 02.08.2014 ж.) короткон. Бул жерде дагы баягы көрүнүш кайталанып, Д2000 насосун ведомствонун алдындагы кызматка, т.а. Кемин райондук суу чарба башкармалыгына 1,925 млн. сомго кайра сатышкан. (№ 036608 менен 12.09.2014-жылдагы №116 накладной боюнча). Ортодогу айырма 81 миң сомду түзгөн.

Алынган насосторду техникалык талаптарга жооп бербегендиктен Нарын жана Кемин райондорунда орното алган эмес. Жыйынтыгында талапка шайкеш кылып кайрадан жасап, бюджеттен кошумча каражатты сарптаган. Ошондой эле «Подшипниковый Центр ЛТД» ОсООсунун квалификациялык жана техникалык талаптары тендерге катышканга жооп берген эмес. Буга карабастан департаменттегилер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Подшипниковый Центр ЛТД» ОсООсунан насостук шаймандарды сатып алышкан. Мындай тендердик сатып алуулар ар жыл сайын жүргүзүлүп, бюджеттик каражаттар бүгүнкү күнгө чейин кумга сиңген суудай жоголууда.

ЖЭБтеги авариядан кийин укук коргоо органдары модернизациялоодо коррупциялык механизм иштеп, өлкөнүн имиджине залака тийгизгенин жана мамлекетке миллиондогон чыгым алып келгенин аныктады. Эгер авария болбогондо эч кимге билинбей кала бермек. Анынсыңары суу чарба объектиси да татаал жана мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан стратегиялык тармак экени маалым. Эгер ичиндеги илдетти чукуп, алгачкы стадиясында ксмчиликти аныктап аны оңдобосо, жыйынтыгы кейиштүү абалга алып келери турган иш. Демек, Суу чарба жана мелиорация департаментиндеги бардык насостук станцияларга 6 жыл аралыгында бюджеттик каражаттарга сатып алынган насостук агрегаттарга тез арада көз карандысыз эксперттер менен инвентаризация жүргүзүү керек. Ошого катар суу чарба департаментиндеги тендердик комиссияны уюштурган жооптуу кызматкерлерди текшерип, агрегаттык каражаттарды ордунан саноо менен сатып алуудагы коррупциялык схемаларды аныктап, укуктук баа берүү зарыл.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: