Menu

Өзбекстанда жарандардын көбү супермаркеттерге барбай, базардан соода кыла башташты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда сурамжылоонун жүрүшүндө жарандардын 52 пайызы азык-түлүктөрдү супермаркеттерден сатып алууну токтотуп, жергиликтүү базарларга бара баштагандыктарын билдиришкен.

Сурамжылоого катышкан 400 адамдын 37 пайызы базарда дагы, супермаркеттерде дагы соода кыла тургандыктарын айтышса, 11 пайызы супермаркеттерге артыкчылык беришерин айтышкан.

Адистердин айтымдарында, жарандардын базарда соода кылууга артыкчылык бере башташына быйыл январдан тарта киргизилген кошумча нарк салыгын алуунун жаңы тартиптери себеп болууда.

– Өлкөдө салык системасы өзгөргөндөн кийин сатып алуучулар кыйынчылыктарга туш болушту — алар супермаркеттерден керектүү товарларды таба албай калышты. Ошондуктан базарларга бара башташты. Алсак, мурда дүкөн текчелеринен сүттүн он түрүн табууга мүмкүн болсо, азыр анын 2-3 гана түрү сатылууда. Товар жеткирүүчүлөр баалар боюнча макулдаша алышпай, айрым товарлар келбей калды. Экинчи себеп — кассалык чектерге карата кошумча нарк салыгынын киргизилиши. Ошондуктан жарандардын көбү супермаркеттерден базарларга кетип жатышат», – деп билдирди сурамжылоо жүргүзгөн уюмдун өкүлү.

Акыркы жылдары ири шаарлардын тургундары гана эмес, район борборлорунун жашоочулары дагы супермаркеттерде соода кылууга өтүшкөн эле.

Өзбек өкмөтү кошумча нарк салыгын бюджетти толтуруунун негизги булагы катары эсептейт. Расмий божомолдорго ылайык, 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 35 пайызы кошумча нарк салыгынан түшкөн каражат түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: