Menu

Өзүн “афган жоокерлери” атаган шылуундар мамлекетке 29 млн сом зыян келтиришкен

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура тарабынан туруктуу коррупциялык дагы бир жагдай аныкталды. Аталган көзөмөл органы ЖМКларга чыккан “ведомстволор аралык комиссия сегиз жылдан бери мыйзамсыз негизде жеңилдиктерди колдонуп жүргөн адамдарга 129 миллион сом сарпталганын аныктады деген маанидеги маалыматтардын негизинде текшерүү жүргүзгөн.

Учурда аскердик прокуратура аскерий комиссариаттар адамдарды Афганистандагы согушка катышты деп каттоого алган фактыларды иликтеп жатат.

Мыйзам бузуу фактылары Ош, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунда жана Мамлекеттик чек ара кызматынан катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекет 29,294 миллион сом чыгым тарткан.

Катталган факты боюнча 49 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 166 (“Алдамчылык”), 304 (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 315 (“Документтерди оңдоо”) жана 350-беренеси (“Жасалма документтерди колдонуу”) боюнча иш козголду. Ошондой эле ведомстволор аралык комиссия териштирүү иштерин улантууда.

Алардын Афган согушуна катышкан-катышпаганын так аныктоо үчүн Россия, Өзбекстан, Украина жана СССРдин курамында болгон башка өлкөлөрдүн архивдерине сурамдар жөнөтүлдү.

Эми тиешелүү органдар “жасалма афгандарды” эле аныктап, мыйзамсыз алган акчаларын кайтарбастан, аларга ушундай күбөлүктү кайсы чиновниктер бергендигин да (албетте, бекер болбосо керек) ачыкка чыгарыш керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: