Menu

Казакстанда экоинспекторлорго кол салууга шектелгендер кармалды

Бөлүшүү:

Караганды облусунда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кол салуу шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ичик иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүлөр Кызылордо шаарындагы үйлөрдүн биринде жүргүзүлгөн «атайын операциянын» жүрүшүндө кол түшүрүлгөн. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.

«Охотзоопрома» ишканасынын кызматкерлери Ерлан Нургалиев менен Петр Ницыкка 13-январь кечинде Караганда облусундагы Нура районунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Инспекторлор алардын унаасын текшерип жатканда, анын ичиндеги кишилер каршылык көрсөтүшкөн.

15-январда өлкөнүн Айыл чарба министрлиги ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгонун билдирген.

ИИМ бул ишти «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча тергеп жатат. Буга чейин өлкөнүн ички иштер министри Калмуханбет Касымов шектүүлөрдүн арасында полиция кызматкерлери жок экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: