Menu

Цирктин кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

Бөлүшүү:

Мамлекеттик цирктин кызматкерлери парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар мекеме жетекчилигине цирк өнөрүн жакшы түшүнгөн адамдын дайындалышын талап кылып, бул кызматка гимнаст Аида Акматованын талапкерилигин сунушташууда. Акция катышуучулары директор 45 күндөн бери дайындалбай жатканына жана ага кимдердин талапкерлиги каралып жатканы ачык айтылбай жатканына нааразычылыктарын билдиришти. Эгер бул талаптар аткарылбаса цирктин 40 артистинин 35и жумштан кетүүгө арыз жаза тургандыктарын билдиришти.

Циркти 2004-жылдан бери жетектеп келаткан буга чейинки директор Курмангазы Исанаев былтыр жыл соңунда жамааттагы нааразылыктардан улам кызматтан кеткен.

Маданият министри Азамат Жаманкулов учурда цирктин жетекчилигине төрт кишинин талапкерлиги каралып жатканын билдирди.

Кыргыз мамлекеттик цирки 1962-жылы негизделген. Учурда анда 130 адам иштеп жатса, алардын 40ка жакынын артисттер түзүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: