Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Отунбаева саясий жүрүш жасап, президенттин институту менен парламентти бири-бирине карама-каршы коюуну көздөдү»

Бөлүшүү:

— Табылды мырза, бул жолку маекти саясатчылардын бөлүнүшүнөн баштабайлыбы? Мисалы, батышчыл, орусиячыл дегендей. Сооронбай Жээнбеков бийликке жаңы келгенде Орусия аны колдобойт дегендей пикирлер бар эле. Бүгүн баары теңирден тескери болуп, Орусия аны колдоп, чоң жардамдарды да берип жатат. Орусия буга чейин орусиячыл саясатчыларга көбүрөөк көңүл буруп келген эле. Бүгүн болсо, мекенчил Сооронбай Жээнбеков менен өтө тыгыз иштешип жатат. Бул боюнча эмнелерди
айта аласыз?

— Туура, Кыргызстандын саясатчыларын биз дайыма орусиячыл, батышчыл, мекенчил деп бир нече топко бөлүп келгенбиз. Мисалы, А. Атамбаев, Ф. Кулов, Т. Сариевди орусиячыл саясатчылар деп билебиз. Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, Ө. Бабанов, Р. Жээнбеков батышчылдарга кирет. Ал эми С. Жээнбеков, К. Ташиев, А. Келдибеков, С. Жапаров, А. Бекназаров мекенчил саясатчылар. Саясатчылардын геосаясатта өзүнүн багытын табуу көбүнчө регионалдык таасирлерден калыптанаары байкалууда. Мисалы, Кыргызстандын түндүгү Орус империясынын курамына анчейин чоң жоготууларсыз кирген жана орус маданиятына тезирээк аралашып, камыр-жумур болуп кеткен. Ошого түндүктүк саясатчылар көпчүлүгүндө орусиячыл багытка көбүрөөк ыктайт. Ал эми түштүк Кыргызстан Ак падышачылык тарабынан көбүрөөк залал тартып калган. Орус империясы Кокон хандыгынын ички иштерине кийлигишпегенде жана аны басып албаганда Исхак Хасан уулу Болот хан башында турган Кыргыз мамлекетинин доору сүрмөк. Бирок, тилекке каршы Ак падышанын генералдары Болот хан башында турган боштондук көтөрүлүшүнүн уюштуруучуларын катуу жазалаган. Ал аз келгенсип, Скобелев башында турган жазалоочу отряд козголоңчуларды колдогон бүтүндөй айыл, кыштактарды кыдырып, булардын баарын жер менен жексен кылып, тыптыйпыл кылып жоюп салышкан. Генерал Скобелев бир гана Курманжан датка башкарган Алай өрөөнүнө бүлүк сала алган эмес. Тескерисинче, Скобелев Алай ханышасы менен Орус империясынын атынан келишим түзүп, бардык талаш-тартыштарга чекит койгон. Кыязы, мына ушундай патриотизмдин кайталангыс үлгүсүндө тарбияланып калган  саясатчылардын бир даары электоратка карап түзүлүп, өзүлөрүн мекенчил саясатчы катары тааныткысы келип, бул позицияда бекем турууну көздөшөт. Батышчыл саясатчылар көбүнесе өзүлөрү барып көрүп, батыш маданиятынын, алардын элинин өнүгүү жолунун артыкчылыгын аңдап билип, өлкөнүн батыштын үлгүсүндө өнүгүүсү туура жол деп табып, ошол багытта аракеттенип келишет. Акаев, Бакиев, Атамбаев орусиячыл саясатчылардан болгон. Бирок, акыйкат үчүн айтып коюу керек, Бакиев да өлкөнүн геосаясий багытын өзгөртүүгө каршы эмес болгон. Ал бирок, батышка ачык ыктай албаганы менен Кытайга ыктап кетүүгө кандайдыр бир аракеттерди жасаганы белгилүү. Өтө эле орусиячылдыгынан айрым саясатчылар атайы кара пиарларга да кабылган учурлар болгон. Мисалы, учурунда Б. Ельцин Акаевдин башына кашык менен ойногон деген маалымат тараган. Ал эми Атамбаевди Орусияда “Алёшка” же болбосо “Биздин Алёшка” дешет дегендей кептер таралып турган. Башкача айтканда ата тегинен
айрылган маңкуртка теңегенге аракеттенишкен. Жээнбеков мекенчил саясатчылардын тобуна кирет. Ал Атамбаев менен бир саясий партиядан чыкканы менен дүйнө таанымы, патриоттук сезими боюнча андан алда канча айырмаланып турат. Кырк уруу кыргыздын ичинен эң чоң бирикмелеринин биринен чыккан, диний таанымы боюнча мусулман. Биз Атамбаевдин Исламда экенин билгенибиз менен анын күн сайын намазга 5 маал жыгылар, жыгылбастыгын билчү да эмеспиз. Жээнбековду жалпы журт мусулманчылыкта тарбияланган адам катары жакшы билет. Себеби, анын жана анын бир туугандарынын илгертен эле мусулманчылыкта экени белгилүү болчу. Кыргызстанда бүгүн 90% дебесек да, 80% мусулмандар жашайт. Бул өңүттөн алганда Жээнбеков Орусия жана башка дүйнөлүк лөк өлкөлөр үчүн чоң жаңылык. Баары өлкөнү кандай багытта алып кетет деп кызыгып, байкоо салып турган кез. Анан калса, Жээнбеков өзүнүн инаугурациясынан кийин эң алгач Орусия жана жакынкы коңшу өлкөлөр менен алаканы оңдоо аракети менен бааланды. Тышкы саясатты кылдат алып баруу менен тез арада Орусия, Казакстан, Түркия, Өзбекстан менен мамилелерди турукташтырып, жөнгө сала алды. Алар менен негизги өнөктөш катары баарлашууга өттү. Албетте, муну менен ал бул өлкөлөрдүн башчыларынын көңүлүн ала алды. Орусия бүгүн чет өлкөлүк санкциялардын айынан өтө кыйчалыш абалда экенин эске алсак, ал өзүнүн коңшуларында кандайдыр бир негативдүү саясий процесстердин болуп кетишин каалабайт. Ошого Орусия ар бир өлкө менен өзүнчө өзгөчө мамилени түзүүнү каалап турат. Ушул өңүттөн алганда, бүгүн Орусия үчүн Кыргызстанда мекенчил саясатчынын бийликте турушу алда канча пайдалуу. Орусияга орусиячыл саясатчыларды колдоодон да, мекенчил саясатчыларды колдоо алда канча туура жана эффективдүү экендиги айтпаса да белгилүү болуп турат. Биринчиден, мекенчил саясатчынын коомго таасири алда канча чоң болот. Ал эми ага өлкөнүн
калкынын 80–90 пайызы түшүнүү менен мамиле кылып колдосо, ал туруктуулуктун кепили катары да кабылданары турган иш. Экинчиден, Орусия Жээнбековдун өлкөдөгү өсүп бараткан таасирин өзүнүн кызыкчылыктарында пайдаланууга кызыкдар десек болот. Мисалы, Орусия үчүн өзүнүн түштүгүндөгү коңшулары Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр светтик негиздеги үлгүлүү мусулман өлкөсүнүн моделинде өнүгүүсү маанилүү. Себеби, бул Орусияга мусулман дүйнөсү жана өзгөчө араб өлкөлөрү менен тыгыз баарлашууга жаңы багыт ачат жана регионалдык коопсуздукту бекемдейт.

— Демек, Алёшка, Тёма, Славиктер арткараак жылып, мекенчилдер көңүл борборуна илиниптир десек туура болчудай го? Орусия С. Жээнбековду бекеринен колдоп жаткан эмес экен да?

— Ооба, С. Жээнбеков БУУга барып келгенден кийин акырындык менен мамилелер жаңыча көз карашта бекемделе баштады. Мисалы, көп өтпөй эле кыргыз мигранттарына жеңилдиктер берилди. Бүгүн болсо, өтө кымбат баада аскердик техникалык жардам көрсөтүлүп жатат дегендей.

— Кытай проблемасы боюнча митинг болуп өттү. Айрымдар бул митингге эл чогултуп жүргөндөрдүн арасында апрелчилер да бар экен дешүүдө…

— Өткөндө мыйзамсыз өлкөгө кирип жаткан кытайларды Кыргызстандан чыгаруу талабы менен митинг болгон. Алар 17-январда дагы митинг кылабыз деп тарап кетишти эле. ММКларда булардын артында Атамбаев жана анын тарапташтары турат деп жатышат. Чынында эле буларды уюштуруп жаткандар бар. Себеби, Бишкектин ар кайсы жеринде 20 же 30 чактыдай балдар чогулуп, эл чакырып жүрүшкөнүн көргөндөр бар. Алар мурда 7-апрелде да эл чогулткан жигиттер деп жатышат. Мына ушуга карап, булардын артында Атамбаев жана анын талапташтары турат деп жатышы мүмкүн. Анткени, бүгүн бул топтон башка өлкөнү козутуп, стабилдүүлүктү бузуп, баш аламандыкка алып келгиси келген кызыкдар тарап жок.

— Эмнени көздөп жатышат? Эмне болот?

— Булар кытай проблемасын атайылап көтөрүшүп, ошону менен элди козутуп, өлкөнү чаң тополоң чыгарып жибергидей абалда кармап турууну көздөп жатышат. Мындай аракеттер өзгөчө С. Исаковго күнөөсүн официалдуу угузгандан кийин активдеше
баштады. Ошого саясатчы, эксперттердин арасында Атамбаев эмки кезек меники го деген ойдо өзүн коргош үчүн жана сурак берип жаткан чиновниктерди бошотуп алыш үчүн ушундай жолго барып жатат дегендер да бар. Булар кытай проблемасы, жакында эле ишке кирген Кодекстердеги жана мыйзамдардагы мүчүлүштүктөр баары кошулуп, протесттик электоратты жандандырып, өлкөдөгү саясий абалды курчутат деп ойлошсо керек. Бул аракеттердин максаты таасирдүү саясатчыларга бийлик чоң проблемаларга тушукту дегендей түр жаратып, аларды активдүү оппозициялык аракеттенүүгө шыкактоо болуп эсептелет. Кырдаалды пайдаланып, Атамбаевдин тегерегине А. Мадумаров, Ө. Бабанов жана башка саясатчыларды чогултуу максат болуп жатса керек. Бирок, Президент С. Жээнбеков Кодекс боюнча мүчүлүштүктөрдү өз учурунда жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Өкмөт да өз учурунда бул боюнча алгылыктуу иштерди алып барып жатат. Өкмөттө атайы эксперттик топ түзүлүп, айтылып жаткан сын-пикирлерге өз учурунда жооп берип, элден түшүп жаткан сунуштарды туура кабыл алып, карап чыгып, тийиштүү Кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракеттенип жатышат. Кытай проблемалары боюнча да түшүндүрүү иштери колго алынган.

— Кыргызстанда саясий абал бат өзгөрүп турат. Бул акыры барып 3-революцияга
алып кетпейби?

— 3-революциянын бетин ары кылсын. Бирок, Атамбаев буга чейин 2 революция кылгам дебеди беле. Үчүнчүсү болбойт деп. Ошого үчүнчүсү болбойт деп айтсак болот. Себеби, бүгүн Кыргызстанда саясий талаа өтө чачкын болуп турат. Саясий күчтөр ким менен биригишти билбей турган чагы. Ошол эле учурда эч ким менен бирикпей турган саясий лидерлер да бар. Мисалы, А. Мадумаров. Бабанов болсо биротоло чоң саясаттан кеттим деп билдирди. Атамбаев менен бирикпей турган күчтөр көп. А. Бекназаров айтпадыбы «Атамбаев биз үчүн жок» деп. Бул сөздүн өзү эле көпчүлүк саясий топтор үчүн Атамбаев бүгүн саясатта жок, чоң саясаттан чийилип калган фигура катары кабылданып жатат.

— Атамбаев акыр аягына чейин турам деп билдириптир деген билдирүүлөрчү?

— Атамбаев бийликтен кеткенден бери ким экени билгисиз, айтор бирөө менен чоң талашка түшкөн образда. Аны менен бийлик оюн да кылган жок, аны куугунтук да кылган жок. Жада калса, камайын деген да жок. Бирок, ал эмнегедир, жылан чакпай, жылкы теппей эле, өзүнөн- өзү жашырынып, корунуп, күрөшкөн сымал болуп, убара тартууда. Бирок, Атамбаев бүгүн КСДПны монополиялап, аны басып алгандыгы үчүн партиялаштары тарабынан катуу сынга алынып келатат. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы да түзүлүп, алар Атамбаевдин жетекчиликтен кетишин талап кылууда. Атамбаев парламенттеги «КСДП» фракциясы менен тил табыша албай келет. Бул акыры анын төрагалыктан алынышына себеп болушу мүмкүн. Атамбаевдин «Акырына чейин турам” деген сөзү, камалып кетпейин деп чоочуркап жаткандай кабылданып жатат.

— Жаңы жылдын 1- январынан тартып ишке кирген 5 Кодекс жана 2 мыйзамды коомчулук жактырган жок. Бүгүнкү күнгө чейин чоң талкуу болуп, талаш туудуруп, ал бүтпөй келет. Буга кандай карайсыз?

— Ал 5 Кодексти жана 2 мыйзамды Атамбаевдин диверсиялык миналары деп атаса болот. Себеби, бүгүн алардын чийкилиги бардыгыбызга белгилүү болуп калды. Бул мыйзамдардын кабыл алынганын эч ким билген эмес. Документтер эч бир талкуудан өтпөй кабыл алынган. Атамбаев кол аарчы парламентти коркутуп кабыл алдырып койгондугу көрүнүп турат. Атамбаев муну менен өзүнөн кийинки бийликке диверсия кылып, мина калтырып койгон сымал. Ал булардын коомчулукка жакпасын алдын-ала билген. Ошого өзүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин ишке кирсин деп ишке кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 1-январына чегерип койгон. Бул мыйзамдар атайы чийки кабылданып, жаңы бийликти ыңгайсыз абалга калтырып, анын аброюн түшүрүүгө багытталса керек.

— Отунбаева буга чейин үн катпай келди эле. Акыркы мезгилдерде активдеше баштады. Балким, ал да саясий оюндарга кошулуп, чоң саясатка кайтсамбы деп жаткан жокпу?

— Р. Отунбаева чын эле саясатка аралашпай келди. Бирок, анын акыркы мезгилдердеги активдүүлүгүнөн улам ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бири иниси Б. Отунбаевге иш алып берүү үчүн Ө. Текебаевдин проблемасын көтөрүп чыкты деп жатат. Бири Ө. Бабановду кайрадан чоң саясатка кошууга жан далбастап жатат дейт. Эгер ал чындап эле Ө. Текебаевди бошотууну кааласа, анда сүйлөшүү же кеңешүү жолу менен аракеттенмек болсо керек. Отунбаева саясий жүрүш жасап, президенттин институту менен парламентти бири-бирине карама-каршы коюну көздөдү. Кыязы, Р. Отунбаева өзүнүн эң жакын адамы Ө. Бабанов эмки парламенттик шайлоолорго катышпай калабы деп кыжаалат болуп жатса керек. Ошого ал мыйзамдагы нормаларга карабай тез арада Ө. Текебаевди чыгарсак, прецедент түзүлөт, анан анын артынан бардык саясий туткундар эркиндикке чыгат. Ошону менен бирге Ө. Бабановго да өлкөгө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк ачылат деп жатса керек.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: