Menu

Израиль Сириядагы Иран объектилерине сокку урганын билдирди

Бөлүшүү:

Израиль армиясы дүйшөмбү эртең менен Сириянын борбору Дамаскта жайгашкан Ирандын позицияларына карата аба соккуларын жасаганын билдирди.

Маалыматка караганда, Сириядагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскердик позициялары, анын ичинде курал-жарак сакталган кампалар менен Ирандын чалгындоо жана машыгуу лагерлери бутага алынган. Мекеме ошондой эле Сириянын эки абадан коргонуу системасынын жок кылынгандыгы тартылган видеону жарыялады. Болжолдуу түрдө алардын бири Орусияда өндүрүлгөн «Панцирь» деген комплекс экени айтылууда.

Израиль армиясынын бул билдирүүсү өлкөнүн абадан коргонуу системасы Голан дөңсөөлөрүн көздөй учурулган ракетаны атып түшүргөндөн кийин жарыяланды. Анда ракеталардын кимдер тарабынан кое берилгени айтылган эмес. Бирок Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн Абадан коргонуу күчтөрү «Израилдин соккуларын кайтарганын» билдиришти. Сириядагы адам укуктарына көзөмөл кылуу борборунун маалыматына караганда, Израилдин аскердик учактары Дамасктын аэропорт жайгашкан районуна соккуларды жасаган.

​Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө авиациясынын Дамасктын түштүк райондоруна жасаган аба соккулары Иранга каршы багытталганын билдирген. Ал мындай жол менен Израиль Ирандын Сирия аймагындагы позицияларын бекемдөөсүнө каршы аракет көрүп жатканын белгиледи.

Сирияда жети жылдан бери уланып келаткан согушта Иран менен «Хезболлах» радикал тоюу Сирия бийлиги тарапта согуш жүргүзүп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: