Menu

Кырдаал курчууда

Бөлүшүү:

17-январда, баш калаанын Ала-Тоо аянтында кытайлык экспансияга каршы 200дөй киши катышкан митинг болуп өттү. Аталган саясий акцияны жарандык активист Аманкул Бабакулов ачып, күн тартибине ылайык: этникалык кыргыздардан башка кытай
жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын бербөө; Кыргызстанда мыйзамсыз жүрүшкөн кытай жарандарын токтоосуз депортациялоо; Кытайдан алынган кредит боюнча тийиштүү кыргыз чиновниктеринин жоопкерчилигин кароо жана күнөөлүүлөрдүн мал-мүлкүн конфискациялоо жана ушул жол аркылуу чет элдик карыздардын ордун толтуруу талаптары жарыя кылынды. Ошону менен бирге митингдин уюштуруучусу А. Бабакулов Кыргызстанда кытай улутундагылардын эпсиз көбөйүп бараткандыгынан улам коомчулукта тынчсыздануу улам күчөп бараткандыгын билдирди.

Өз кезегинде сөз алган жарандык активисттер жогоруда айтылган талаптарды колдогон пикирлерин баса белгилешти. Алар өлкө жетекчилигинин алдына миллиондон ашуун кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө нан издеп жүрүшсө, эмне үчүн биргелешкен ишканаларда негизинен кытайлыктар иштейт деген мыйзам ченемдүү суроону коюшту. Ошондой эле Кыргыз жаштар коомунун активисти Шамил Мукамбаев ушул күнгө чейин кытай ишкерлери тоо-кен байлыктарын талап-тоноо үчүн 1,5 миң лицензия сатып алышкандыгын, мунун натыйжасында Зилалиевге окшогон ууру миллионерлер — ​чыккынчылар көбөйгөндүгүн айтты.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында кытайлыктарга Кыргызстанга кирүүгө мораторий жарыялоо керектигин айткандар да болду. Ошондой эле сөз алгандардын арасында экстремисттик сунуш менен чыгып сүйлөгөндөр да болбой койгон жок.
Митинг катышуучуларынын талабы боюнча ТИМдин жооптуу кызматкери А. Имангазиев, Биринчи Май районунун акими Т. Султанов чогулгандарга маалымат беришти.

Ошондой эле чогулгандар 7-январда Ала-Тоо аянтында жогорудагыдай эле багытта өткөрүлгөн митинг катышуучуларынын ичинен милиция тарабынан кармалгандарды токтоосуз бошотууну да талап кылышты. Митингдин жүрүшүндө бул иш-чаранын жакшы уюштурулбагандыгы байкалды.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: