Menu

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Мага карата иш мурдагы бийликтин кээ бир өкүлдөрүнүн аракети менен козголгон»

Бөлүшүү:

Өзүмдүн эмгек жолумда мектеп мугалиминен баштап министрге чейин кызмат иерархиясынын ар бир тепкичин ирети менен басып өттүм: мектеп мугалими, ЖОЖдун лаборанты, ага лаборанты, аспирант, окутуучусу, ага окутуучусу, доценти, профессору.
Кызмат тепкичтери деле ошондой болду: проректордун жардамчысы, проректор, ректор, министрдин орун басары, министр. Баш аягы болуп 30 жыл үзгүлтүксүз эмгек стажым болгондон кийин анан министр болгомун. Азырчы? Өмүрүндө мектеп менен ЖОЖдун босогосун аттабаган, бир дагы илимий макала жазбаган, бирок, жагымпоздукту — ​саясый конъюнктураны жакшы өздөштүргөндөр министр болуп калышпадыбы! Бийлик башындагыларга жагып, алардын буйруктарын ойлонбой аткарып, бүтүндөй билим берүү жана илим системасын тигилердин таман астына салып берген гана эргулдар иштеп калышпадыбы?! Билим берүү, илим, интеллектуалдык менчик жана инновациялык технологиялар системалары бай-жыргал жашоонун кумарына батып алган чиновниктердин гана куралдарына айланып кетти. Мен мындай кордукту көтөрө албадым. 2010-жылы ЖКнын 5-чакырылышына депутат болуп келдим.

Мага тагылган жалаанын негизиндеги жасалма айыптоолор менин жарандык активдүү позициям менен эле байланыштуу болду. Айрыкча, билим берүү, илим, дин, маданият, инновациялык технологиялар жана интеллектуалдык менчик тармактарындагы жетишпестик, бийликтин өкүлдөрү тарабынан абийирсиздик менен жасалып жаткан коррупциялык иштерди сындаган позицияларымды күчөтүп отургамын. Ага ЖКнын архивиндеги материалдар менен ММКдагы менин макала-маектерим күбө. Өзүмүн архивимде 700дөн ашуун расмий жана ачык басылмаларда чагылдырылган материалдарым сакталып турат. Бийликтин адилетсиз чечимдери жашообуздун бардык тармактарына терең сиңип кетти. Мындай көрүнүштөр айрыкча, 2010–2015-жылдары өтө эле чектен чыгып кетти.

Менин ЖКнын трибунасынан, комитеттердин отурумунан сүйлөгөн курч сөздөрүм кимге жакмак эле. Бирок, кээ бир фактыларды жашырып коюу же көрмөксөнгө салуу чыккынчылык менен барабар эле да! Айрыкча, мамлекеттик ири ЖОЖдордогу каражаттарды кымыруу боюнча кылмыштар, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик кадрларды даярдоодогу ыйманга да, мыйзамга да карама-каршы келген иштер кээ бир окуу системасына жан күйгүзгөн жана түшүнгөн депутаттар тарабынан ашкереленип турду. Алардын алдыңкы сабында, албетте, мен дагы бар элем. Анын үстүнө мени ЖКнын профилдик комитетине төрага кылып шайлашкан. Биз ошондо мектептин окуу китептерин чыгаруу боюнча орун алган кландык-мафиялык кылмыш иштерин ачык жазып, Башпрокуратурага кайрылганбыз. Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоору болгон мектептерди жан башына каржылоо ишин мектепке тиешеси жок эле адамдардын кантип “жеп” коюшкандыктарын кан какшап айта баштаганбыз. “Айылдык билим берүү” долбоору болсо эмне үчүн эмдигиче оң натыйжа бербей келет. Каталитикалык фонддон бөлүнгөн кредиттик, миллиондогон долларлар кайда кетти?” — ​деген суроолор коюлган. Мисалы, эмне үчүн Армениянын жараны болгон бир Мкртчян деген шүмшүк Кыргызстанга АБР тарабынан кредит катары бөлүнгөн карыз акчага эгедер болуп алып, 1–2-класстын “Математика” окуу китебин биздин аттуу-баштуу эле агайыбыз, профессор Исак Бекбоевди алдап, алгач авторлош болуп алып, андан кийин өзү ээлик кылып, китепти Еревандагы жеке менчик “Зангак” басмаканасынан чыгарып жүрөт? Карызды Кыргызстан төлөйт, ал эми эмне үчүн салык жана социалдык төлөмдөр Армениянын казынасына калып кетиши керек деген суроолорду мен өзүм көтөрүп, ЖКга алып чыгып жүрдүм. Ошол кездеги министрликтин башчылары кашайтып туруп эле ишти будамайлап жаап келишпедиби? Ошол кездеги ай чапчып турган КСДП фракциясын пайдаланышты.
Министрлик тарабынан илимий долбоорлорго бюджеттик акчалар бөлүнөт. Анын тааныш-билишке бердирилип жиберилиши жөнүндө канча кан какшап айтып келдим. Мына бүгүнкү күндө дагы кылмыш иши козголду эле, ири чиновниктерге ыйлап киришип, же пара бериштиби, айтор, жаптырып алышты.

Жогорудагы айтылган кылмыш иштерин териштирип, оңдоп-түзөөнүн ордуна кайра мага карата кылмыш ишин козготушту. Ал адилетсиз окуя мындан 5 жыл мурда башталган. Бизге, депутаттарга Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык
факультетинин күндүзгү контракттык бөлүмүнө конкурстан өтпөй калган абитуриенттердин жана алардын ата-энелеринин көптөгөн доо-арыздары байма-бай келип түшө баштаган. Алардын пикирлери боюнча КРСУнун ректораты адилетсиздик кылып,
конкурстан кулаткан делинет. Мен, профилдик комитеттин төрагасы катары, ошол арыздарды тиркеп туруп, 2013-жылдын август айында министр Канат Садыковго расмий кат жазам. Кат сунуш түрүндө кароого алынсын деп жазылган, керектүү документтер тиркелген. Министр КРСУга буйрук чыгарып берген. Ректор Нифадьев университеттин кабыл алуу комиссиясынын кароосуна берет. Курамында 13 кишиден турган комиссия өз отурумунда арызды карап, ынанып, социалдык жактан начар камсыз болгон балдар катары аларды университетке студент кылып кабыл алуу жөнүндө бүтүм чыгарат.

Бул жерде менин айыбым кандай?- деген суроо туулбай койбойт. Мен депутаттык статусума ылайык комитеттин төрагасы катары менден башка дагы депутаттарга келип түшкөн арыздарды жалпылап, министрге кат жөнөткөнүмбү?!

Эң кызык окуялар ошол студенттер биринчи курсту бүтүшкөндө б. а. 2014-жылдын июнь айында, бир жыл өткөн соң болуп жатпайбы? УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү Э. Маданбеков КРСУнун ректоруна токтомун жиберет. Анын ою боюнча менин бир жыл мурда жазган катым мыйзамсыз болуп чыгат. Студенттердин мыйзам бузуу жолу менен окууга киргендигине укуктук баа берүүнү талап кылат. Нифадьев эч буйдалбастан туруп бир эле буйругу менен 27 студентти 1-курсту бүткөндөн кийин университеттен айдап салат. Студенттердин академиялык же контракттык милдеттери боюнча карыздары болсо бир жөн. Бишкектин Свердлов райондук жана шаардык кээ бир абийирин жоготуп койгон прокурор, тергөөчүлөрдүн кысымы менен соттук эки инстанциядан утулушту. Бирок, Кудай бар экен, анан кээ бир соттордо абийир бар тура, аягында Жогорку соттун чечими менен КРСУнун ректорунун мыйзамсыз буйругун жокко чыгартууга жетише алышты. Мен ошондо депутат элем. Сотторго же тергөөчүлөргө кысым жасамак турсун, аларга
кайрылган дагы жокмун. Бирок, студенттердин ата-энелери менен депутат катары жолугушуп, аларга моралдык колдоолорду көрсөтүп жүрдүм. Студенттер окууга кайрадан кабыл алынышты.

Мен үчүн студенттердин ушул жеңиши эле жетиштүү болчу! Бирок, менин үстүмөн чагылгандай тездик менен иш козгошту. Болгондо дагы эң оор эки берене менен — ​кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара алган деген айыптар! Биринчи берененин дооматы суу кечпегенин жогоруда айттым. Экинчи берене абдан аянычтуу болду. 2014-жылдын сентябрында Г. Султаналиева дегендин менин үстүмөн жазган арызы УКМКга түшүптүр. Арызда ал аял мага 4 студентти университетке
өткөрүүгө жардам иретинде 14 миң АКШ долларын пара катары бергендиги көрсөтүлөт. Тергөө материалдарында менин талабым боюнча ал киши акчаны менин шоопурума берген имиш. Андан кийинки кошумча дооматтары андан дагы күлкүлүү. Мени АКСтин тергөөчүсү тергөө учурунда бир дагы суракка алган жок. Тиги аял менен көздөштүрбөдү дагы! Мага ишти тааныштырбай туруп эле Башпрокуратурага өткөрө салды. Ушул жерде КТРК баш болгон айрым ММКлардын табалап кутурганычы! Тергөөчү М. Мурзаханов ишти бир жыл тергеп, болгону 2 жолу суракка чакырды, анын ичинен бир эле жолу күбө катары Султаналиева, Канат Садыков жана Владимир Нифадьев менен көздөштүрдү. Ушунусуна дагы ыраазы болдум! Акыры эч кандай далили жок экендигине көзү жеткен Башпрокуратуранын тергөөчүсү мага карата козголгон кылмыш ишин 2015-жылдын 8-октябрында мыйзам талабына ылайык кыскартты. Ушул жерде Башпрокуратуранын чечимин алганда мага козголгон иштин бир жагдайын ошол токтомдон окуп алып, таң калдым! Иш бир эле мага гана эмес, министр К. Садыков менен ректор В. Нифадьев баштаган КРСУнун 2013-жылдагы кабыл алуу комиссиясынын 13 мүчөсүнө кошо козголгон турбайбы?! Бул жагдайды тергөөчү 2 жыл бою менден жашырып келгендиги таңкалыштуу!.. Мына сага кош стандарттуулук! Көрсө, ошол 2015-жылы Башпрокурордун каты менен Садыков күтүүсүз эле кызматынан кетип, Нифадьев сөгүш алып кутулушкан…

2018-жылдын январында күтүүсүздөн эле Башпрокуратура тарабынан толук жабылган жогорудагы ишти бир сүйлөм турсун, жаңы сөз кошпой турушуп, кайра жандандырышты. Тергөөчү баягы эле АКСтин кызматкери Э. Маданбеков. Ал 2 ай бою мага дооматты жарыялбай кармап жатып, тергөө мөөнөтү бүтөөрүнө 2 күн калганда, б.а айтканда 18-мартта чакырып алып, айыптоо угузду. Мени бул сапар дагы жогорудагы 14 эргулдан жалгыз бөлүп алышыптыр. “Алар эмнеге бөлүнүп калышты?”-деген менин
адвокатымын мыйзамдуу суроосуна тергөөчү кебелбей туруп: ”менин тергөөчү катары аларга дооматым жок” — ​деп кутулду!

Кудай бар — ​Биринчи Май райсоту 2 берене боюнча тең толугу менен актады! Менин туугандарымдын, жакшы санаалаштарымдын, айрыкча, 41 жылдан бери окутуп тарбиялаган миңдеген окуучуларымын нааразылык акцияларын уюштуруу аракеттерин кескин түрдө токтотуп, аларга ыраазычыгымды билдирдим. Каалагандары сот залына келишип, катышып жүрүштү. Мени таң калтырганы, айыптоочунун мага жаза иретинде соттон 15 жыл күчөтүлгөн режимге кесүү талабы болду. Үй -мүлкүн толук конфискация кылып, 3 жыл кесиптик ишинен оолактатуу талабы дагы кошумчаланды! Айыптоочу
чакырган бардык күбөлөрдүн (Султаналиевадан башкалары, алар, негизинен студенттер жана алардын ата-энелери эле): ”Биз профессор Осмоналиевди соттон азыр көрүп жатабыз. Бул агайга эч кандай акча берген эмеспиз!”- дешти.

Мени ушул эле жылдын 6-декабрында Бишкек шаарынын соттук коллегиясы дагы толугу менен актап, Биринчи Май райсотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Эгер прокуратура органдары кайрадан Жогорку сотко кайрылышса, андан дагы адилеттүү чечим болот деген бекем ишеничим бар. Анткени, мага коюлган айыптын суу кечпегени соттун эки инстанциялык отурумдарында так жана айкын териштирилип чыкты. Адилеттүүлүк бар экендигине, азыркы жаңы бийликтин шарапаты менен сот процесстери мурдагыга караганда, акырындап болсо да, адилеттүүлүк жолуна түшө баштаганына канааттанып турам…

Мага 5 жыл бою катары менен жалган айып тагылып, бала-бакырам менен кошо азап чектирген иштен ким жапа чекти? Студенттерби? Ооба, алар моралдык жактан жабыр тартышып, 1 жыл азап чегишти. Бирок, алар дагы кайра университетке келишип окууларын ийгиликтүү улантып жатышат! Мага жалаа жапкан Г.Султаналиева жапа чектиби? Ал аял УКМКга кайрылганда, айрым бир деструктивдүү күчтөрдүн буюртмасынан башка эмнени көздөдү экен? Менимче, ал байкуш карындашым кандайдыр бир мага белгисиз себептер менен туура эмес кадамга баргандай… Демек, бул иштен катуу жабыр тарткан мен өзүм эле болуп жатпаймынбы? Ошондуктан, бул айыптоолорду өзүмүн принципиалдуу позициямын азабы деп билем! Өмүр бою билим берүүгө, илимге күйгөн кежирлик сапатым кээ бир коррупциялык иштерге малынган адамдардын тынч
жашоолорун бузуп келгендей. Бул иш мурдагы бийликтин кээ бир өкүлдөрүнүн аракети менен козголгон. Бул боюнча мен жалгыз эмесмин, тилекке каршы. Ондогон чыныгы мекенчил жарандарыбыз түрмөлөрдө отурушат, соттон-сотко сүйрөлүп жүрүшөт. Жүүнү бош интеллигенциябыз кухняларда эле шыбырашып сүйлөшүп калышты. Бул трагедия! Ошондуктан, жаңы бийликке үмүт артып турушат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: