Menu

Табып Хашим Зайналиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Бөлүшүү:

Бишкектин Октябрь райондук соту табып Хашим Зайналиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыш иш жабырлануучулардын айыпталуучуга карата дооматы жок болгонуна байланыштуу токтотулган.

«Соттук процессте жабырлануучу тарапка   материалдык компенсация төлөнгөндүктөн, алар Зайналиевге карата эч дооматы жок экендигин билдирген. Айыпталуучу сыртка чыкпоо макамы алдында сот залынан бошотулган,»-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 20-декабрда Октябрь  районунун ИИБне табып Хашим Зайналиевге карата чара көрүү өтүнүчү менен А.С аттуу жаран кайрылган. Өз мааалыматында ал 2016-жылдын апрель айында анын каненеси Хашим Зайналиевге кайрылгандыгын, өз кезегинде табып анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиясы жок болгондугуна карабастан бейтапты айыктырып берерин билдиргенин айткан. Бейтап 2016-жылдын июнуна чейин дарыланып, бирок ден соолугу кескин начарлап, натыйжасында каза болгон.

Булак:KyrgyzToday     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: