Menu

ИИМ: Өткөн жумада ок  атуучу куралдарды өз эрки менен тапшырган ондон  ашык факты катталды

Бөлүшүү:

Өткөн жумада милиция кызматкерлери тарабынан калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшырган ондон ашык факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ала-Бука РИИБде 2 бирдик сайсыз ок атуучу куралды тапшырган факты, Аксы РИИБде 4 факты катталса, Сузак РИИБде ок атуучу куралдарды өз эрки менен менен тапшырган 1 факты катталган. Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине 1 сайсызок атуучу курал жана 1 сайлуу ок атуучу курал, Базар-Коргон РИИБге 1 ок атуучу куралды өз эрки менен тапшырышкан. Ошондой эле Сокулук РИИБде такталбаган үлгүдөгү тапанчаны өз эрки менен тапшырган 1 факты катталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМи эскертет: Эгерде жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбейт. Ок атуучу куралды тез арада ички иштер органдарына тапшыруу керек, анткени кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышыңар мүмкүн. Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды, жарылуучу заттарды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына баруу милдеттүү эмес, милицияга телефон аркылуу чалып, ок атуучу куралды жана ок-даарыларды өз эрки менен тапшыра турганыңарды билдирүү менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө маалымдап коюу керек. Бул учурда жарандар ок атуучу куралды сактагандары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: