Menu

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге каршы иш козгоду

Бөлүшүү:

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге  карата административдик иш козгоду. Аталган социалдык түйүндөр орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо пландары боюнча билдирүү беришкен эмес деп айыпталууда.

Роскомнадзордун өкүлүнүн айтымында, америкалык компаниялар алардын суроолоруна “формалдуу” түрдө жооп беришкен. Орусия мыйзамдарынын учурда жана келечекте аткарылышы тууралуу маалымат беришкен эмес.

“Медуза” басылмасы билдиргендей, административдик иш маалымат бербөө беренеси боюнча козголгон. Мекеме буга чейин жеке маалыматтарды сактоо тууралуу мамлекеттик органдарга кабар бербегендерге беш миң рублга чейин айыппул салынарын эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: