Menu

Reuters: Ооганстандагы аскердик базага кол салуудан 126 киши өлдү

Бөлүшүү:

Ооганстандын машыктыруучу аскердик комплексине “Талибан” тобунун мүчөлөрү кол салып, кеминде 126 киши мерт болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги өз булагына таянуу менен билдирди. Расмий маалыматтарда болсо 12 киши көз жумганы айтылууда.

“Талибан” кыймылынын өкүлү чабуул маалында 190 ооган аскери набыт болгонун ырастоодо.

Кол салуу дүйшөмбү күнү Вардак провинциясынын борбору – Майданшахар шаарында болгон. Жоочу аскердик базанын жанында автоунааны жардырып жиберген, кийинчерээк “Талибандын” үч мүчөсү комплекстин кызматкерлерине ок атышкан.

“Талибан” радикалдуу кыймылы 1996-2001-жылдар аралыгында Ооганстанда бийликти кармап турган, андан соң эл аралык коалициянын жардамы менен сүрүлгөн. Бирок кыймылды толугу менен жеңүү мүмкүн боло элек. Акыркы жылдары Ооганстанда кырдаал курчуду: республикада дайыма теракт болуп, радикалдуу исламисттер баш көтөрүүдө.

ВВСнин иликтөөсүнө ылайык, “Талибан” кыймылы Ооганстан аймагынын 70% активдүү аракеттерди көрсөтүп келет. Кыймылдын өкүлдөрү АКШ менен НАТО өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетсе, Кабулда бийликти кайтарып алабыз деп ишенишет. Мындан улам Ооганстандын мыйзамдуу бийлиги жана АКШ кыймыл мүчөлөрүн тынчтык жараянына кошууга даяр.

2018-жылы ноябрда Москвада өткөн кеңешмеде талиптердин делегеция башчысы Мохаммад Аббас Станакзай “Талибан” тынчтык тууралуу АКШ менен гана сүйлөшөрүн айткан. Кыймыл Ооганстандан эл аралык аскерлерди чыгарууну талап кылып келет жана азыркы өкмөттү легитимдүү деп эсептебейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: