Menu

Өкмөт ички каттамдар үчүн эки учак сатып алат

Бөлүшүү:

Кыргыз өкмөтү ички каттамдар үчүн эки учак сатып алат. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев азырынча алына турган учактын үлгүсү менен суммасы аныктала электигин билдирди. «Учак сатып алуу сунушу бар. Бул боюнча чечимди өкмөт эки айдын ичинде кабыл алат», – деди Акышев.

Биринчи вице-премьердин катышуусунда өтүп жаткан тармактык комитетте «Эйр Кыргызстан» компаниясынын азыркы абалы талкууланууда. Буга чейин компаниянын акцияларынын 49 пайызы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган. Мамлекеттик мүлк фонду «мамлекеттик жалгыз авиакомпаниянын абалы оор» деп, абалдан ишкананы менчиктештирүү же авиациясы өнүккөн өлкөлөргө сатуу аркылуу чыгууну сунуш кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: