Menu

ИИМ: Баңгизат ташыган жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жазык аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын  ташыган шектүү жаран  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы)  ыкчам кызматкерлери тарабынан жазык аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран  кармалды.

2017-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында белгисиз адамдар тарабынан  Чүй облусунун Аламүдүн районунда  жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин аймагына баңгизатын
ыргытышкан. Белгисиз адамдар уруксат берилбеген предметтерди ыргыткан соң издерин жашырып качып кетишкен.

Баңгизаттар белгисиз адамдардын көздөгөн жерине жетпей, мекеменин ички аймагына түшүп калып, көзөмөлдөөчү жеринен желим бөтөлкөгө салынган жашыл өңдөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз
даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан  баңгизаттын ири көлөмүн ташууга аракет кылган белгисиз жактын өздүгүн тактоо жана жогорудагы
баңгикылмышына тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоого багытталган ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада ыкчам кызматкерлер шектүүлөрдүн изине түшкөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин  тиешелүү көрүлгөн чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган Ж.Б. аттуу жашоочусу кармалган. Ал мурда уурдоо жана бейбаштык беренелери менен соттолгон. ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жактардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө. Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: