Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруп калганына байланыштуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумуна келе албай калган. Бул тууралуу эки комитеттин отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирген.
Эске салсак, бүгүнкү отурумда 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы кодекстер каралды.
Эл өкүлдөрү өкмөт башчыны чакырууну талап кылышты. Мухаммедкалый Абылгазиевдин ооруп калгандыгы тууралуу маалыматты алар күлкү менен кабыл алышты.
«Түндө ал футбол көрдү да. Балким, уктап аткандыр?»-деп билдиришти алар.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ