Энергохолдинг өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспав билдирди.
Анын айтымында, парламенттин отун-энергетика комплекси жана жер байлыктарын колдонуу боюнча мамлекеттик комитети улуттук энергохолдинг өз натыйжалуулугун көрсөтө алган жок деген кортундуга келди. «Бизде улуттук энергохолдингди энергетика министрлигине айлантууу боюнча чечим бар. Өкмөт холдинг негизделгенден кийин каражаттардын үнөмдөлүшү бар деп ишиендирүүдө,»-дейт эл өкүлү.
Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин кийинки отурумунда холдингдин мындан ары иш алып баруусу тууралуу маселе каралат. Эгерде ал өз эффективдүүлүгүн көрсөтө албаса, ал жоюлат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ