Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, 4-6-февралда өкмөттүк делегация АКШга барып, эл аларык Cotton Campaign коалициясынын жыйынына катышат.
Эл аралык Cotton Campaign («Пахта кампаниясы») коалициясына эмгек жана укук коргоо уюмдары, инвесторлор, бизнес-уюмдар кирет. Ал 2010-жылы балдар эмгегинин колдонулганына байланыштуу өзбек пахтасына бойкот жарыялган. Акцияны 100дөн ашык дүйнөлүк бренддер колдогон.
Өзбек чиновниктери АКШга барганда Nike, Zara, GAP, Levi’s, H&M, UNIQLO сыяктуу өзбек пахтасынан баш тарткан чет өлкөлүк бренддердин өкүлдөрү менен жолугушууну пландашууда.
2018-жылы июлда АКШнын Эмгек министрлиги өзбек пахтасын тыюу салынган товарлар тизмесинен чыгарган.
Бирок Cotton Campaign министрликтин чечимин четке кагып, балдарды мажбурлап иштетүүгө каршы көп жумуштар жазалганы менен өспүрүмдөрдү пахта теримге тартуу көрүнүштөрү уланып жатканын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ