Menu

Вице-премьер Жеӊиш Разаков: “2019-жылдан тарта жаӊы беш кодекс жана эки мыйзам ишке киргизилди”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматын угуу жол-жоболору улантылууда. Жыйынга вице-премьер-министрлер Жеӊиш Разаков менен Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков КР Президентинин 2012-жылдагы Жарлыгына ылайык, 5 жыл аралыгында сот реформасына байланыштуу бир катар ири ченемдик-укук актыларын иштеп чыгуу, анын алкагында 31 иш-чараны уюштуруу тапшырмасы берилгенин, алар толугу менен аткарылганын билдирген. “Президенттин Жарлыгына ылайык, жумушчу топтору тарабынан жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам даярдалып, алар 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизилди. Иш-чараларды даярдоого бюджеттен 300 млн сом каралган. Ал каражатка тийиштүү оргтехникалар менен жабдуулар сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Ошондой эле, көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан өткөрүлдү”, – деген эле ал.

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробациялоо жөнүндө”, “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө бир катар депутаттар сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселени тармактык комитеттерде да карап, парламенттин кароосуна өзүнчө алып чыгуу менен, Өкмөткө мыйзамдарда орун алган мүчүлүштүктөрдү жоюу, аларды ары өркүндөтүү жаатында тийиштүү сунуштамалар менен тапшырмаларды берүү сунушун беришкен болчу.

Белгилей кетсек, парламенттин 17-январда өткөн жыйынында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынып, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп, аны кезектеги жыйында да улантуу чечими кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: