Menu

Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык түзүлгөн Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдук округу Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын  камтыйт. Ошол эле учурда жогоруда аталган аймактар Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консулдук округунан чыгарылып, Екатеринбург шаарындагы аталган Башкы консулдуктун филиалы — Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугу жабылды.

Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдук округу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жарандарын консулдук тейлөө максатында түзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: