Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучуларын жана оюнчуларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Султанов Семетей Алымбаевич «Даңк» медалы менен, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Крестинин Александр Сергеевич «Данакер» ордени менен жана «Дордой» спорт клубунун президенти Салымбеков Аскар Мааткабылович III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Байматов Азамат Асилбекович, Кашуба Валерий Юрьевич, Кичин Валерий Сергеевич, Люкс Виталий Валентинович, Мурзаев Мирлан Абдраимович «Даңк» медалы менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын врачы Исмаилов Нурбек Ирискуловичке «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу Кудренко Игорь Николаевичке «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бернхардт Эдгар Андреевич, Жыргалбек уулу Кайрат, Землянухин Антон Александрович, Исраилов Ахлидин Шукурович, Матяш Павел Викторович, Сидоренко Павел Валерьевич, Сыдыков Азиз Мухамедович, Тего Дениэл Нии Армах Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Команданын башка мүчөлөрү Абдурахманов Одилжон Алишерович, Акаев Эржигит Суеркулович, Акималиев Калысбек Акималиевич, Акматов Айзар, Алыкулов Азамат Джумабекович, Асан уулу Айткожо, Ахмедов Муролимжон, Бабынин Игорь Робертович, Батырканов Эрнист Муратович, Гуреев Дмитрий Юрьевич, Джалилов Закир Диляверович, Дуйшобеков Бахтыяр, Кадырбеков Кутман Кадырбекович, КозубаевТамирлан Омуралиевич, Майер Виктор Александрович, Мусабеков Фархат Мусабекович, Ракишев Канат Дженишбекович, Рустамов Турсунали Хаитмахаматович, Сагынбаев Бекжан Талантбекович, Сало Владимир Геннадьевич, Самсалиев Талант Авкалиевич, Синегубов Павел Андреевич, Фролов Евгений Александрович, Южанин Николай Николаевич, Юсупов Мустафа Гуруглиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: