Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана Бишкекте эл аралык деңгээлдеги стадион курууну сунуштады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда, футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

«Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя болуп саналат. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунду ээлеген. Быйылкы жылы биз 91-орунду ээледик. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия Кубогуна катышуу курама команда үчүн жакшы салт болооруна, командага өзүнүн чеберчилигин өнүктүрүүгө жана эл аралык беттештерди кабыл алууга чоң мүмкүнчүлүк берээрине ишенимин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: