Гезиттин өткөн сандарынын биринде Маданият министри Азамат Жамангуловду сынга алган “Жамангулов коррупционер өкүл атасын кызматтан алганга жарайбы?” – деген куш тилиндей маалымат чыккан. Көрсө, бизге жалган маалымат беришкен окшойт. Айтор, министрлик бул маалыматты четке какты. Жаңылдык, жаздык. Бирок Мукталы Бектеналиев министрдин өкүл атасы болбосо да, бакыйган жердеш байкеси. Байкесине кайдан тиши өтсүн. Ал эмес, канча убакыттан бери цирктин директорун дайындай албай жүдөп турат. Жини келген цирктин жамааты эки күн мурун Ак үй алдында митингге чыгышты. Алар директор кылып Аида Акматованы дайындап берүү талабын коюшту. Бирок Жамангулов цирктин маселесин чечпей, башканы кыйратпай, “мурдун балта кеспегендей” түр көрсөтүп тургансыйт. Бир мекеменин директорун дайындоону чечпеген министр деги эмнени чечет? Же “батинкесинин боосун да” чече албайбы?!
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ