Menu

Чиренген Алимбаевдин “крышасы” ким?

Бөлүшүү:

Чек ара кызматындагы алешемдиктер арбын экени баарыбызга эле маалым. Бул кызматты 2017-жылдан бери жетектеп жаткан Уларбек Шаршеевдин тажрыйбасы жетиштүү эмес окшобойбу, айтор ага карата деле көп сындар айтылууда. Ал эми анын биринчи орун басары болуп өткөн жылдын май айында полковник Абдикарим Алимбаев дайындалган. Бул адам 2014-2016-жылдары да орун басар болуп иштеген. Бирок Чек ара кызматынан уурдалган курал-жарактар боюнча катталган кылмыш ишинен кийин моралдык жоопкерчилик менен кызматтан алынган. Билимди Казакстандан, Орусиядан алганы менен анын иштөө ыкмасын чек ара кызматындагылардын көбү жактырышпайт экен. Эмнеге дегенде Шаршеевге караганда Чек ара кызматында көп иштеген, тажрыйбасы мол, эпчил болгондуктан бул кызматтыгы маанилүү маселелерди өзү каалагандай эле чечип коёт дешет. Кадр маселесине да таасирин ашык тийгизгени көпчүлүккө жакпай жатыптыр. Маселен ал өзүнүн “мандиеру” Кубан Алпамышов деген адам аркылуу бир топ адамдарды Чек ара кызматына жумушка алып, республика боюнча башкармалык, бөлүмдөргө жооптуу кызматтарга дайындап жатканы айтылат. Натыйжада Чек ара кызматында кеминде 15-20 жыл иштегендер кызматтан негизсиз шыпырылып, жумушсуз калып, Алимбаевге карата нааразычылыктар күндөн-күнгө күчөп жатыптыр. Аскер адамдары этиканы сактап бул маселе боюнча ачыкка чыга албай жаткан сындуу. Бирок канчага чейин чыдашмак эле. Алар деле бир күнү “жарылат” да. Ошол эле учурда Кубан Алпамышовдун бир тууган иниси Адыл Алпамышов “Ак жол” өткөрмө пунктунда 10 жылдан бер былкылдабай иштеп келет. Ички эреже боюнча бир кызматта 3 эле жыл иштөөгө уруксат. Бирок бул эрежс Адыл  мырзага иштебейт экен. Бул былык маалыматтардын баарын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев билбейби? Же билсе да, билмексенге салабы? Ал эми мындай баш аламандыкка Дамир Сагынбаев жетектеген Коопсуздук кызматы эмнеге көз салбайт? Чынында Алимбаевдин ишмердүүлүгүн тыкыр иликтеп койсо, анын бир топ былыктары “буруксуп” чыкчудай…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: