Menu

Каратаевдин заманы кайра келди

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин орун басары болуп көп жыл иштеген Мадамин Каратаев деген бар. Бул адам Бакиевдин жердеши. Мамилеси жакшы экени да учурунда көп айтылган. Ушундан уламбы, айтор Курманбек Бакиев аны 2005-жылдан 2010-жылга чейин былкылдатпай министрликтин орун басарлык кызматында кармап турган. Каратаевге карата коррупциялык схемаларды түзгөн деген көп айыптар тагылган. Маселен министрликке келген гуманитардык жардамдарды өзү каалагандай калчаганы, инсулин шприцтери боюнча да кылмыштуу иштерге катыштыгы бар экени көп айтылды. Себеби, ошол учурда орун басар катары тендердик комиссиянын жетекчиси болгон. Ал: “Алмашылган шприцтер боюнча жыйынтыгында эчким өлгөн жок” – деп керсейип журналисттерге маек берип, элдин кыжырына тийген. Бирок “периштедей” аппак болуп, мыйзам алдында жоопко тартылбай калды. Мына ушундай былыгы көп, ызы-чуу менен жүргөн Каратаев өткөн жылдын этегинде эски ордуна кайра дайындалып, министр Чолпонбаев Космосбектин оң колу болуп иштеп жатат. Мына ушундай белгисиз, белгилүү орун басарлардын мамлекетке пайдасы барбы?!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: