Menu

Өзбекстанда болгон мушташтын видеосун тараткан жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги WhatsApp мессенджери аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан видеону таратууга шектелген адамды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам «WhatsApp» аркылуу өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган видеону тараткан.

Ал тасма башка да социалдык тармактар аркылуу жайылып кеткен. Анда видеодогу окуя Ош облусунун аймагында тартылганы тууралуу маалыматтар бериле баштаган.

ИИМ аталган видео Өзбекстандын Наманган облусунда болгонун жана ал өлкөнүн Башкы прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Бир нече күн мурда өзбекстандык социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында топтошкон балдар эки өспүрүмдү катуу сабап жатканы тартылган видео жайылган. Анда колдонуучулар ал окуя Наманган облусунда болгонун жазышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: