Menu

АКШ Венесуэладагы каатчылык боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултууну демилгеледи

Бөлүшүү:

АКШ Венесуэладагы каатчылыкты талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү демилгеледи. Жыйын ушул ишемби күнү өтүшү керек.

Акыркы бир нече күндөн бери Венесуэладагы нааразылык акциялар маалында кеминде 16дан кем эмес адам каза болуп, 300дөн ашык киши кармалды. Митингдердин катышуучулары Николас Мадуронун режиминин отставкага кетишин талап кылышууда.

Нааразылык акциялар Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуайдо өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялап, бийлик узурпациясын токтотуу убадасын бергенден кийин башталган. Аны АКШнын, Канаданын жана бир катар латын америка өлкөлөрүнүн өкмөттөрү колдоп чыгышты.

Өз кезегинде Орусия акыркы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Николас Мадурону колдой турганын билдирди. Бейшембиде орус лидери Владимир Путин Николас Мадурого телефон чалды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин Венесуэла эл аралык укуктун нормаларын бузган «сырттагылардын бузуку кийлигишүүсүнө» дуушар болуп жатканын билдирип, АКШ бийлигин мамлекеттик төңкөрүш даярдоого айыптады.

Буга чейин БУУнун башкы катчысы каатчылыкты саясий диалог аркылуу чечүүгө чакырган. Евробиримдиктин билдирүүсүндө Каракас жарандардын тынч жыйындарга чогулууга болгон укуктарын сыйлашы керектиги жазылган. Брюссель Венесуэланы демократиялык шайлоо өткөрүүгө үндөгөн.

Николас Мадуро Венесуэланы 2013-жылдан бери башкарып келет. Анда ал өлкөнүн мурдагы лидери Уго Чавестин өлүмүнөн кийин өткөн шайлоодо жеңип чыккан. Мадуро демократия принциптерин сактабоого жана адам укуктарын бузууга айыпталып келет. Венесуэлада оор экономикалык каатчылык уланууда. 2018-жылы өлкөдөгү инфляциянын көлөмү бир миллион пайыз көрсөткүчүнөн ашкан. Өлкөдө зарыл болгон товарлар жетишсиз болуп, ачарчылык өкүм сүрүүдө. Каатчылык маалында Венесуэладан үч миллион киши чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: