Menu

Москвада теракт жасоого даярдануу айыбы менен кыргыз жана өзбек жарандары соттолду

Бөлүшүү:

23-январда Москва соту Кыргызстан менен Өзбекстандын 11 жаранын теракт жасоого даярданган деген айып менен соттоду. Бул тууралуу өз булактарына таянып «Московская газета» жазып чыкты.

«Тергөөнүн жүрүшүндө соттолгондордун «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү болгону жана ок атуучу курал, колго жасалган жардыруучу зат колдонуп Москвада, Санкт-Петербургда теракт уюштурууга даярданышканы» аныкталган», — деп жазды басылма.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар 6 жылдан 18 жылга чейинки мөөнөттөргө катаал режимдеги абактарга соттолду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: